www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кечээ жакында кыргыз тилинин статусун көтөрүү багытындагы мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, эми кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде окуп, жазып, сүйлөй албаган чиновниктер мамлекеттик кызматтарда жетекчилик орунду аркалай албайт. Талапты күчөтүүнүн максаты — кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана кадырын көтөрүүгө арналган. 

Бирок, кыргыз тили өз элинде, өз өлкөсүндө өнүгүп-өссүн деген шарт, айрым шовинисттик көз карашты кармангандардын "ичин өткөрүп, көңүлүн айнытты..."

Дегенибиз, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты болгон Ирина Карамушкина такыр эле "тытынып, эси ооп" болбой калды. 

Деги эле, бул Карамушкина кыргызга, кыргыз тилине, маданиятына илгертен каршы. Ар дайым куйкасы курушуп, "шовинисттик оорусу" жанына тынчтык бербей, "ичи өтүп" турат. 

Негизи улут аралык кастыкты козутканга шыктуу неме. Тырманып, сөйкөнүп турбаса курушкан куйкасы жазылбайт. Ушунча жыл кыргыз жеринде жашап, суусун ичип жүрүп, түпкүлүктүү кыргыз улутунун тилине, маданиятына каршы чыкканын койбоду. 

Мындайлардын тизгинин тартып койбосо, өзүн кол тийгис ыйык санап ашынып кетет. Кыргызстан, кыргыз тили, кыргыз эли жакпаса, жанына жагымдуу жай таап, көчүп кетпейби? Эч ким кой дебейт...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости