www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-октябрдагы аукциондо "Альфа Телеком" ишканасы (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясы) 14 млрд 800 млн сомго сатылды. Компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды. Бул тууралуу маалымат http://auctionetp.gov.kg сайтына жарыяланды. Буга чейин "Мегакомду" сатуу боюнча электрондук аукцион бир нече жолу кийинкиге жылган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду муну аукционго катышууга арыз түшпөгөнү менен түшүндүргөн. "Мегакомго" ээлик кылган "Альфа Телеком" ишканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 14,6 миллиард сомго баалап, 4-июлда сатыкка чыгарган. Мунун артынан эле президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазган. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт "Альфа Телеком" компаниясынын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.

2022-жылдын аягындагы "МЕГА" сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экени, ал 19 миллиард сомго бааланганы маалым болгон. Министрлер кабинети 2022-жылы 31-майда Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзгөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

Последние новости