www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңеште депутат Мейкинбек Абдалиев "Кумтөр" боюнча маселе көтөрдү.

"Кумтөр" боюнча чечим чыгарып бердик. Мурунку президент Аскар Акаев "биздин сом "Кумтөргө" байланган" деп маалымат берди. Эгерде соттук процедура башталган кезде канчалык деңгээлде коркунуч бар?" - деп депутат Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон сурады.

Абдыгулов "Сом "Кумтөргөбү" же башкагабы байланган эмес" деп жооп берди.

Депутат: "Сиздин сөзүңүз менен мурунку президент калп айттыбы?" - деп сурады.

Абдыгулов дагы бир жолу сом эч нерсеге байланганбаганын билдирди. "Аскар Акаевдин маегин көргөн жокмун. Соттук процедуралар сомдун курсуна түздөн-түз таасирин тийгизбейт", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости