www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Тажикстанга барды

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына барды.

«Азия-Плюс» басылмасы жазгандай, жыйын бүгүн, 19-майда Дүйшөмбү шаарында өтөт. Ага Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин төрагалык кылат.

Иш-чарага ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Армениянын тышкы иштер министрлери катышат.

Жыйында дүйнөдөгү абалдын уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча маселелер каралары күтүлүүдө.

«Делегациялардын башчылары бир катар чечимдерди кабыл алышат жана ал чечимдер ЖККУнун күз мезгилиндеги сессиясында каралат. Бир нече эл аралык маселелер боюнча, ошондой эле ЖККУнун кызыкдар мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуусу боюнча биргелешкен билдирүүлөрү кабыл алынат», - деп билдирген буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова.

Ошондой эле, Орусия менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери өзүнчө жолугары күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости