www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 18-май күнү саат 17:00дө Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында болуп өттү.

Район башчылары 29-30-апрелде болуп өткөн куралдуу жаңжалдан улам пайда болгон бир катар көйгөйлөрдү чечүү үчүн,эки тарап тең кыска аралыкта тактоо жумуштарын аяктоо менен, жакынкы аралыкта маселелерди чечүү аракеттеринин жыйынтыгы боюнча байланышууну макулдашышты.

Ошондой эле тийиштүү жетекчилер, чек аралаш аймактарды биргелешип кайтаруу үчүн, чек арачылардын патрулун коюуну сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек бул жолугушуу, кечээ Баткен жана Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусунун алкагында, чек аралаш аймактарда орун алган маселелерди кечиктирбей, ыкчам чечүү боюнча жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине койгон тапшырмаларынын негизинде болуп өттү.

Алдыда Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин да жолугушуусу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости