www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында  Мекен коргоочулар күнүнө карата “Карегимде мекен чеги”  аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара  жаңжалында курман болгон жоокерлердин үй-бүлө мүчөлөрү, КР УКМК ЧК өздүк курамы, КР күч түзүмдөрүнүн өздүк курамы  жана башка коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев  жалпы мекен коргоочуларын майрамы менен куттуктап, өлкө тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн ак дилден кызмат өтөөнү уланта берүүсүн каалады. Ошондой эле Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылып, алардын жакындарына ыраазычылыгын билдирди. Төрага баатырлардын эрдиги эч качан унутта калбасын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалынан каза тапкан жоокерлерди эскерүү максатында уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости