www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азизбек Турсунбаев (Ала-Бука округу), Советтик Армиянын катарында 1984-1986 жылдары кызмат кылган. Тиш догдур Азизбек Турсунбаев «медсестра» катары ишин баштаган. 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп келип Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков, Карганбек Самаковдор менен бирге отурган. 2007-жылы «Ак-Жол» партиясынын тизмеси менен кайрадан депутат болуп келип, 2008-жылдын 26-майынан «Ак Жол» фракциясынын жетекчиси, ошол эле жылы вице-спикер. Эң бай адамдардын тизмесинде, апрель революциясынан соң Бабановдун «Республика» партиясын колдогон. 2011-2012-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору. Шаршенбек Абдыкеримовдун «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү катары 2015-2021 жылдары парламентке депутат. 2020-жылдын 19 августунда ушул партиянын тизмесине № 5 болуп курултайда шайланып, шайлоодо жеңишке жетишкен, бирок шайлоо жарабай калды. 2021-жылда болгон шайлоодо Ала-Бука округунан депутат болуп шайланды. Жылуулук-энергетика комплекси жана кендер боюнча комитеттин төрагасы.
Улукбек Ормонов, «Ишеним» партиясынын лидери, 1986-жылы Воронеж политехникалык институттун бүткөн соң Воронеж шаарында аскер кафедрасына тиешелүү эки айлык аскердик курстан өткөн. Улукбек Ормонов 2005-жылы үчүнчү чакырылыштагы парламентке депутат болуп келип Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков, Карганбек Самаковдор менен бирге отурган, төртүнчү парламентте «Ак-Жол» фракциясын жетектеген, алтынчы парламенттен жетинчи парламентке өткөн депутаттардын бири, ал тилин аркы –берки сөздөрдү айтып калжаңдай бербейт. Маанилүү маселелер болгондо тикесинен-тик туруп калат. Элдин бары жаш, тымып жатканда биринчилерден парламенттин фракция жетекчиси болгон. Азыр да көпчүлүк эл үчүн тынчсызданып жатат. Алсак, депутат Улукбек Ормонов парламенттен Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып: "Жаз келе жатат. Андыктан, дыйкандарды керектүү жер семирткичтер менен камсыздашыбыз керек. Өкмөт Өзбекстан менен түз сүйлөшүп, жер семирткичтерди заводдун баасында алып келиши шарт. Бул дыйкандардын негизги суранычы жана талабы", -деп тынчсызданып жатат. Ошондой эле депутат Кыргызстанда белгисиз эле авиакомпаниялар иштеп, каалаган бааны коюп жатканын жүйө келтирип, Өкмөт муну көзөмөлдөшү керектигине токтолду.
Самыйкожо уулу Мирлан, (Кочкор округунан) — акын. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепти аяктаган. 2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Бир нече басылмаларда иштеп, адабий сынактардын жеңүүчүсү болгон. 2006-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») 1989-1993 жылдары кызыл погон тагынып кызмат өткөргөн.
Бакасов Улан 1984-жылы Нарын шаарында туулган. Электр станциялар жана юриспруденция боюнча эки билимдин ээси. 2004-жылы коңшу Кытайга тери, жүндү сырье түрүндө сатуу менен алектенген. Ал ошондой эле мейманкана бизнеси менен алектенет. Ири мүйүздүү жана майда малдар үчүн тоют саткан фирмалардын жана балык чарбаларынын ээси. Чет өлкөлөрдө, атап айтканда Америкада бизнес долбоорлору бар.
Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан») 1983-1985 жылдары ГСВГда кызмат өтөгөн. Ушул жазгандардын автору да ГСВГда кызмат өтөгөн. ГСВГ мындайча чечилет, «Группа Советских Войск в Германии».
Жеңишбек Токторбаев («Ата-Журт Кыргызстан») 1986-1988 жылдары ГСВГда кызмат өтөгөн.
Таалайбек Сарыбашов («Ата-Журт Кыргызстан») 1989-1991 жылдары ГСВГда кызмат өтөгөн.
Сүйүнбек Өмүрзаков («Ишеним») 1986-1988 жылдары Советтик Армияда ЦГВда (Польшада) кызмат өтөгөн.
Акбөкөн Таштанбеков (Ысык-Ата округу) 1981-1983 жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
Алтынбек Сулайманов («Альянс») 1990-1992 жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
Марат Мураталиев («Ишеним») 1985-1987 жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
Алишер Эрбаев, 1997 жылы аскер академиясын аяктаган.
Кундузбек Сулайманов (Токтогульский округ) служил в рядах Советской армии в 1985-1987 годах.
Аманкан Кенжебаев (Сокулук округу) 1987-1990 жылы Советтик деңиз флотунда кызмат өтөгөн Наамы «Главно-корабельный старшина».
Равшанбек Сабиров («Ата-Журт Кыргызстан») 1988-1990 1985-1987 жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. ВДВ в/ч №12159.
Русланбек Жакышов («Ишеним») 1993-1994 жылдары Кыргыз Армиясында кызмат өтөгөн.
Айбек Осмонов (Ош округу) 2003 -2004 жылдары Кыргыз Армиясында кызмат өтөгөн.
Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон округу), 2000 жылы аскер кафедрасын бүтүргөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg