www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекке шаарында ажылар шайтанга таш ыргытуу амалын аткарышты

Кечэ, 16-июнь күнү САПтын ыйык Мекке шаарында ажылыгын өтөп жүргөн кыргызстандык зыяратчылар ажылык талаптарынан болгон шайтанга таш ыргытуу амалын аткарышты. «Шайтанга таш ыргытуу» амалы үч күн катары менен аткарылып, жамаратка жалпы 49 таш ыргытылат.

«Шайтанга таш ыргытуу ажылыктагы ваажиб амалдардан. Бул Азирети Исмаил пайгамбардан калган адат. Шайтан жаш Исмаилге көрүнүп, азгырарда аны укпай, таш менен урган. Мусулман баласы эч качан шайтанга баш ийбей, Азирети Исмаил өңдүү аны кууп, эркин бекем сакташы керек. Ажылык мына ушундай көптөгөн даанышмандык-хикматтар, символикалар, сырлар катылган улуу ибадат», – деп билдирди ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Самидин кары Атабаев.

Штаб жетекчиси эгерде ажылар үч күн ичинде шайтанга таш ыргытып, Мина өрөөнүнөн чыгып кетпесе, 4-күнү да таш ыргытуу керектигин кошумчалады.

Айта кетсек, үч күндүк Курман айттын өтүшү менен ажылык амалдары жыйынтыкталат. Зыяратчылар андан соң Каабаны таваф кылып, Харам мечитинде намаз окуп же умра амалдарын аткарышат. Ошондой эле Мекенине кайтууга даярданышат.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости