www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өлкөдө бир ачуу чындык бар. Ыймандуу болуу десе мечитке каттоо деп түшүнгөн муун пайда болду. Ошондон уламбы, мечит көп болсо коом ыймандуу болчудай кабылдагандар көп. 

Өкүнүчтүүсү ушул, адал-арам аралашып калды. Өлкө башчысынан тартып, кылмышкери, коррупционери, бандити, байы, арабдардын акчасынан өөнөп пайда көрүп калайын дегени деле сооп таап жатабыз дешип жарышып мечит салганды өнөргө айлантып алышты. Ошого жараша ыймандуу болуп кетсек бир жөн. Мечитти ыймандын көрсөткүчү катары караган аң-сезим менен жашап жатабыз. 

Мына жөнөкөй эле арифметикалык эсеп менен алсак, Борбордук Азиядагы эң көп мечит Кыргызстанда экен. 

Алалы, Өзбекстандын калкы 35 миллион калк. 2073 мечит бар экен. Борбору Ташкентте 3 млн. эл жашайт. 226 мечит иштеп турат. Ошондо орточо эсеп менен 17 миң жаранга бир мечит. 

Казакстандын калкы 20 миллион. 2716 мечит бар. Алматыда 2 млн. элге 54 мечит иштеп турат.
Астанада 13 мечит. Процент менен алсак, 8 миң кишиге бир мечит туура келет. 

Кыргызстандын калкы 8 млн. Мечиттердин саны 3000ден ашат. Бишкекте 1 миллиондон ашык калкка 386 мечит иштеп турат. Башкача айтканда 2 жарым миң кишиге бир мечит. Айтор, мектептен мечит көп, ыйман жок. Өлкөдө 73дөн ашуун диний багыттар болсо, ар бири өзү каалаган динде. Кой деген кожо жок! Котур ташы койнунда барлар четтен чыгат. Барган сайын караңгылык күч алууда! Жакында эле Өзбекстандын имамы, "намаз окуп жата бербей иш кылгыла, билим алгыла. Намаз окуп, Кудайдан тилеп жата берсеңер, силерге бирөө 1 кг этин бекерге бербейт", - деп ачуу чындыгын айтты. 

Баса белгилеп айтсак, акыркы учурда илим менен билимге суугарылгыла, намазды окуганга убакыт жетет, деген пикирди айтсаң, "Теңирчи" деп тепкилеп, ашата сөгүп, ата-жотоң, апаңды кошо ашатып сөгүп кете турган топ пайда болду. Чын эле булар диндин кишилери болсо сабырдуу болушмак беле? - деген ойлор кетет. 

Кайрадан көйгөйгө өтө турган болсок, тилекке каршы, өлкөдө оорукана, мектеп, бала бакча жетишпейт. Өлкө башчыларынын саясаты түшүнүксүз. Эл эмнеге муктаж болсо ошол нерсени камсыз кылган саясат жүргүзүүгө милдеттүү болууга тийиш. 

Образдуу айтканда, үйүңдө бир кап картошкаң турса базарга барып дагы картошка албайсың да. Башка пияз, сабиз, капуста сыяктуу керектүү жок нерсеңди алышың керек. 

Анан эле бизде мечит жетпей жаткансып, мечит куруп жарыша бергенден өлкө өнүгүп жаткан жок да. Же эл мечит куруп бергиле башканын кереги жок, ач-ток болсок мейли, ооруканаңардын кереги жок, оорусак да мечитке барып дуба окутуп айыгып алабыз, мектептин кереги жок, билимди куран жаттап мечиттен алабыз, ошол жетиштүү деп суранып жатабы? Акыры акыл калчаш керек го...

Келгиле, урушпай-талашпай келечек үчүн кам көрүп, илим менен билимге суугарылсак гана мамлекетибиз өнүгөт. Мамлекеттин өнүгүшү сакал, дамбал менен чектелбейт, же 15 жашында бузулуп кетип, 30 жашында айрым оронгон ырчыларыбызды кийинки муунга мисал катары калтырбашыбыз керек! 

Дин - таза, акылдуу, сабырдуу жана кыраакылыкка тарбиялайт. Бизде тескерисинче, жер саткан, үй саткан, зордуктап кеткендер жоолукчан, сакалчан! Же калппы окурман? Чындыкка тике карабайлыбы?!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости