www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Мектеп формасы боюнча министрликтин жообу

Мектеп формасы, эң башкысы, классикалык стилде болушу керек. Мугалимдер окуучуларды бирдиктүү форма күйүүгө мажбурлаганга укугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

"Үстүнө кийчү кофта ак түстө жана классика болушу керек. Шым, юбка жана пиджактар кара, кочкул кызыл, боз же кочкул көк болсо болот. Башкысы классикалык стилде болушу шарт. Айтоор ыңгайлуулугуна жана мүмкүнчүлүккө карап каалаганын тандап алса болот", - деп билдирди Жусупбекова.

Мындан тышкары, бир дагы мектеп жетекчилиги же мугалим окуучуларга окшош форма кийесиңер дегенге анын ичинде кыздардын шым кийүүсүнө тыюу салууга укугу жок экенин, эгерде мажбурлоо болсо чара көрүлөрүн кошумчалады.

Сүрөттөрдөгү бардык форманы кийүүгө болот.

Последние новости