www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектеп окуучулары үчүн дагы 50 автобус берилет

“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга дагы 50 мектеп автобусун белекке берет. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" АНО кеңешинин төрагасы Алена Аршинова билдирди.

Анын айтымында, келишимдин алкагында "Евразия" буга чейин республикага эң заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган 50 мектеп автобусун берген.

“Жакында биз алыскы аймактардагы балдар үчүн дагы 50 автобус беребиз. Жалпысынан Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн 100 мектеп автобусу болот. Алыскы райондордон келген балдар өздөрүнүн билим берүү мекемелерине ыңгайлуу бара алышат. Мектеп автобустары “Евразиялык лицей” программасынын алкагында сатып алынган”, - деди ал.

Последние новости