www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мектептердин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу жалган телефон чалууга шектелген эки өспүрүм колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

14 жаштагы окуучулар өздөрү окуган мектептеги мугалимдин мессенджерине "сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт" деген билдирүү жөнөтүшкөн. Алар жарылууну токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылышкан.

Окуя болгон жерге дароо райондук башкармалыктын жетекчилиги жана тергөө тобу барып, кинологдор иштеп, бактыга жараша, бомба табылган эмес.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын маалымат каттоо журналына түшүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, жыйынтыгында бул ишке шектелип эки окуучу кармалган.

"Алар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете электигине байланыштуу ата-энелерине өткөрүп берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ жардыруу коркунучу тууралуу билдирүү тараткандар жоопкерчиликке тартылып, беш жылга чейин эркинен ажырап калышы ыктымал экенин эскертти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости