www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта кызуу талкууланып, окуучунун мектепке күчүк алып келип, мугалимден уруш угуп, орой мамилеге туш болгон окуя боюнча Билим берүү министрлиги үн катты. 

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке күчүк алып келген окуучу баланы мугалими урушуп жатканы боюнча интернет тармактарына тараган видео тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет:

Аталган окуя 2023-жылдын 13-февралында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Б.Айтматов атындагы №5 гимназия-мектебинде II сменанын биринчи сабагында болгон. 

4-класстын окуучусу күчүк алып келгендиктен класс жетекчиси А.З. бир аз урушуп, соцпедагогду чакырган. Ал окуучуга мындай нерсени башка кайталабоону эскертип, директорго алып кирген. Андан кийин окуучунун колун жуудуруп, класска киргизген.

Видеодогу көрүнүшкө жол бергени үчүн аталган мектептин директоруна жана соцпедагогуна эскертүү, ал эми видеону тарткан мугалимге жана окуучуга орой мамиле жасаган мугалимге катуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Учурда бул окуя боюнча аймактык администрация тарабынан да териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Видеодогу куралчан кызматкер коопсуздук кызматкери эмес, Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими сабактан чыгып бара жаткан учурда видеого түшүп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости