www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казандагы №175 гимназиядагы атышуу учурунда жаш англис тили мугалими Эльвира Игнатьева өлтүрүлдү деп Татарстандагы ЖМКлар жазып чыгышты. Ал 25 жашта эле. Бул тууралуу ТАСС мектептин жетекчилигинин өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка ылайык Игнатьева 2018-жылы "Жаңы мугалимибиз" сынагынын жеңүүчүсү болгондугу үчүн грант алган. Ошол эле жылы ал "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын катышкан. Педагогикалык чеберчиликтин облустук сынагында англис тили мугалими экинчи орунду ээлеген.
Окуя учурунда 5-класска чейин англис тилинен сабак берген Эльвира Игнатьева көз жумган. Ал ошол учурда коридорго чыгып бараткан жеринен ок тийген», - деди маалымат булагы.
Эске салсак, бүгүн, 11-майда Татарстандын борбору болгон Казан шаарында №175 гимназиядагы ок атуудан тогуз киши көз жумганы кабарланууда.
Мектеп окуучулары имараттын терезелеринен эвакуацияланган.
Татарстандын башчысы кол салгандардын бири 19 жашта экендигин тастыктады. Миннихановдун айтымында, курал ок аткан адамда расмий катталган.
Булак: NazarNews.kg