www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү программасына 2024-2025-жылкы окуу жылында өтүшү мүмкүн. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутатка жооп берип жатып башынан эле мындай системага өтүү быйылкы жылга пландалбаганын айтты.

"Региондордо анча маселе жок, эң негизги көйгөй Бишкекте болуп жаткан. Эгер калаада убадаланган 15 мектеп курулуп калса, маселе чечилет. Биздин жол картабыз бар, анда мектептеги орундардын, окуу программаларынын, окуу куралдарынын даярдалышы камтылган. Ошонун баары даяр болгондон кийин өтөбүз. Биз эртең эле 12 жылдык окууга өтөбүз деп айткан эмеспиз. Жол карта боюнча 2022-2023-жылы өтпөйбүз, эгерде бардык шарттар түзүлүп калса, 2024-2025-окуу жылында гана өтө алабыз", — деди Жусупбекова.

Эске салсак, апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу программасы тууралуу маалымдап, ага быйыл сентябрда өтүү ыктымалдыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости