www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кезтешкен башкаруучулугун өткөрүп алышы менен бирге АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп келерки айда кеңештин жыйынына төрайымдык кылууга даярданууда.

CNN телеканалынын шаршемби күнкү кабарына ылайык, 2-мартта Нью-Йорктогу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин штаб-квартирасында пландалган жыйын кеңештин мүчөлөрүн жана АКШнын БУУдагы элчиси Майк Уолтц жана эл аралык кызыкдар тараптарды чогултуп, "Кагылышуу аймактарындагы балдар, технология жана билим берүү" маселесине басым жасайт.

Биринчи айымдын кеңсесинен жасалган билдирүүдө жыйындын максаты «чыдамкайлыкты (толеранттуулукту) жана дүйнө тынчтыгын өнүктүрүүдө билим берүүнүн ролун баса белгилөө» экендиги белгиленип: «Мүчөлөр билим берүү, технология, тынчтык жана коопсуздук маселелерин талкуулап жатканда, айым Трамптын лидерлиги — кызматтагы АКШнын биринчи айымынын Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылган алгачкы учуру болот», — деп айтылды.

Бул демилге Мелания Трамптын акыркы учурда орус-украин согушунан жабыркаган балдар үчүн жүргүзүп жаткан жана согуш учурунда үй-бүлөсүнөн ажыраган балдарды кайра бириктирүү аракеттерине дал келет.

Президент Дональд Трамптын экинчи мөөнөтүндө колдоого алган ишинин алкагында, жакында эле бир нече украиналык баланын жана бир россиялык баланын үй-бүлөлөрүнө кайтарылганы жарыяланган.

Последние новости