www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оорулуу досу менен мелдешкендин натыйжасында мыктарды жутуп алган. 

Уфада бир адам досу менен мелдешип, сегиз сантиметрлик мыктарды жутуп алган.

«Бейтап дароо ооруканага жеткирилди, анын өмүрү сакталып калды», - деди Башкортостандын саламаттыкты сактоо министри Айрат Рахматуллин.

Узун мыктарды жутуп алгандан кийин адам өзү тез жардам чакырып, ашказанынын ооруп, жүрөк айлануу жана ооз кургап жатканын билдирген. Ички органдарынын рентген сүрөттөрүн текшерүү учурунда адистер бөтөн заттарды аныкташкан.

Натыйжада дарыгерлер дароо лапаротомия жасап, узундугу сегиз сантиметр, диаметри төрт миллиметр болгон эки темир мыкты кыйынчылык менен алып салышкан.

Бейтап учурда үйдө дарылануусун улантууда.

Баса, кыргызда темир-тезекти жуткандар жок болгону менен азыркы бийликтин ишенимдүү өкүлү Зарылбек Аликеновдун жумуртканы жутуп жүргөнү жалпыга маалым. Бул көрүнүш албетте кооптуу. Атаандаштык же тууроо, жумуртканы бүтүндөй жутуу менен бир келген өмүрдү жокко чыгаруунун зарылдыгы деле жок болсо керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости