www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кезде, ажо Садыр Жапаров ойлонбогон кадамдарга барып жатат. Динчилдерге чүлүк салдырып, Конституцияга каршы чыгып, к*т*нзордук менен мектептерге «Ыйман» демек ислам диний сабагын киргизүүгө бардык аракетин жумшап жатат.

Мындан дагы жаманы, кыргыздын байыртадан бери сакталып келген нарк-насил, үрп-адат, каада-салт, ырым-жырымына каршы токулган Токтомго кол койду. Анда кайдагы бир «ысырапкоорчулукту» бетине кармап, кыргыздын байыртадан бери калыптанып келген ыйыктыгына караманча-каршы чыкты.

Ал тоголонгон Токтомунда «мындан ары, жамандык жакшылыктарда мал сойулбайт, сөөк кыргызча эмес, арабча узатылат» – деген маани камтылган. Демек, маркумдун денеси муздай электе, жерге жашырыш керек. Кыргыздын кылымдарды карыткан ырым-жырымы колдонулбай, кошок айтылбай, өкүрүп келбей, аза күтүлбөй, сөөктү жайына шашылыш түрдө жашыруу. Үч күндөн кийин гана, кан чыгарып, эскерүү. Бул эмне деген наадандык? Не деген чектен чыккан чыккынчылык? Кыргызды эзелтеден кыргыз катары, улут катары сактап, асырап келген касиети эмнелерде? Дал ошол кыргыздын көөнөрбөс каада-салт, нарк-насил, ырым-жырымында! Садыр Жапаров кыргыздын ыйыгына, сыймыгына каршы чыкты. Молдолор жыргап куунап, кошумча фатвасын каалагандай чампалап чыгарышты.

Эми ушундай жосунсуз жоруктары аз келгенсип, Садырдын экинчи жолу билим министр кылып алып келген Алмазбек Бейшеналиев дегени эмне кылды? Европа союзу 38 млн евро акчасын беребиз, агерде мектепти 12 жылдык кылсаңар – дегендиктен, Алмазбек эч ойлонбостон, ак карасын талдап тастыктап тактабай туруп, акчасына сүйүнүп, карайлаткан келишимге макул болуп, колун койду.

Кадырлуу калайык калк! - суроо жаралат экен, кайсыл арыңа? – деген. Мектептер жетишсиз болсо. Аларды дагы молдолор тейлейбиз дешип, талашып жатышса, Гүлжигит-Кулжигит Кадырбековду бульдозер кылышып. Ар бир класста 50гө жакын окучуулар тыгылышып олтурушса. Мугалимдер жетишсиз болсо.

Жеткен учурда да, айрымдары сабатсыз, алсыз, арсыз болушса. Кадыр-баркы жок болгондуктан окучуулардан сөгүү угуп, таяк жеп жатышат. Окуу куралдары дагы жокко эсе. Анан кайсыл арына 12 жылдык системага киремин дейт да Бейшеналиев министр?

12 жылдык система Батыштын кыргыз элине жасаган каршы диверсиясы. Тукумкурутка түрткөн чыккынчылык. Кыргыздын жаштарын жок кылуу кадамы. Кыргыз балдарынын балалыгын уурдап алуу. Тамырына балта чабуу. Алты жашар наристе таңзардан туруп, өзгөчө, элет жеринде бир нече чакырым жерге шалпактап сүйрөлүп жөө барып, окугандарын элестетип көргүлө.

Кыскасы, азыркы бийликте ар намыс, акыл эс, абийир, арийэт деген сапаттын бүдүрү да жокпу? – деген ойго аргасыздан келет экенсиң.

Мелис Арыпбек, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости