www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чектен чыккан чыккынчылардын айынан кыргыздар ыйык нарк-насилинен, үрп-адатынан, каада-салтынан ажырады. Натыйжада, бөлүнүп жарылып, бир-бирибизге душман болдук. Өз мекенибизде барксыз алсыз, арсыз, арабөк коомго айландык. Мындай пикирин эркин журналист, публицист Мелис Арыпбек билдирди.

"Эгемен эл болдук! – деп эдиреңдеп ээлирип, демократия деген түшүнүктүү тэңирден тескери кабылдап, эбегейсиз эси жоктук ээнбаштыкка айлантып алганыбызга отуз жылдан ашты. Ошол аралыктын ичинде, биз ким элек, кимдерге айландык?

Бүгүнкү болгон абалыбызды карап, байкайлычы, болуп жаткан көрүнүштөргө саресеп салып. Бейтапкана, ооруканаларда акыркы малын сатып, операцияларга кезекке тургандардын 99% пайызы кимдер? Эч кепилдик жок, акыры өлүканаларды сагалап, ал жерден дагы боздоп сыздап, ыйлап, “ыссыкта тезирээк сөөгүн чыгарып бергиле”... – деп жалдырагандар кимдер? Менчик башка улуттардын лаборатория, томография, УЗИге олчойгон акчаларды төккөндөр кимдер?

Өңчөй бир-бири менен арыздашып, соттошкондор кимдер? Абакта камакта, соттолуп түрмөдө айлап жылдап, өмүр бою жаткандар кимдер? Көчөдө деңгиреп үмүттөрү үшүп соолуган үй-жайсыз, сандалып сасып тентиген селсаяктар кимдер? Адам катарынан санынан чыгып калган алкаш, наркомандар кимдер?

Жумушсуз каңгырап кулбазарда көлөккө издеп, тиштеринин кирин соруп, керээлди кечке жумуш издегендер кимдер? Бир жолу, бир чечен абышка карылар үйүнө жалгыздыктан жайгаштырылганын уккан Чеченстандын президенти Рамазан Кадыров, атайын учак жөнөтүп өз мекенине алдырган. А бизде болсо, тирүү балдары туруп, карылар үйлөрүндө унутулгандар кимдер? Баардыгы шордуу байкуш кыргыздар.

Кыргыздын ыйык көк жайык, суулуу, салкын жерлеринде жайында кокту-колотторду, мөлтүр булактарды ээлеп алышып, чалкалап эс алгандар кимдер? Кыргыз эмес, дунган, уйгур, казак, түрк, кытай, арабдар гана каалагандай чардашат. Суусамырды арабдар менчигиндей жай мезгилинде ээлеп алышкан.

Өз улутун уругун чанып: “Альхамдидулла мен мусулманмын!” – дешип аттарын арабча өзгөрткөндөр кимдер? Кичинекей наристелерге өңчөй арабдардын аттарын коюшуп, метрика алгандар кимдер? Аталаш түгүл, бир жатындан чыккан бир туугандардын балдары бир-бирине үйлөнсө абдан туура болот! - деп мурунку Максатбек Токтомушев деген муфтий, миллондогон долларларды банктардан айлантып, арам акчага марыган алдым-жуттумдун чыккынчылык үгүттөсү, улутубузду тукум куруттукка алып баратат. Ошентип, чуулуу Чубактын шакирттери ашынган аңгиликти, бузуку ыпыластыкты ачык айкын агитация жүргүзүп келишет. Андыктан, өз кыздарын зордуктагандардын сандары улам көбөйүүдө. Бачабаздык – деген ырайымсыз ыпыласттык дагы, дал ушул сакалчандар таратып, жайылтууда. Жаш кыздарды токолдукка ынандырып, никелерин кыйгандар кимдер? Аңгиликтин үлгүсүн көрсөткөн мурунку муфтий Рахматулла Эгемдердиев жаш кыз менен позаларды алмашып жаткан тасмасы тараган. Ошентип, кыргыздарды ырайымсыз ыпыластыкка ачык-айкын алпаргандар кимдер? Мечиттер төрт миң эсе көбөйдү отуз жыл аралыгында. Ээн талаа, кокту колот, атүгүл жол бойлоруна да курулду. А бирок, ыймандуулук кана? Абийир адилет, ак пейилдик кайда?

Кечээги курман айттагы кечиримсиз ысырапкоорчулуктун башында кимдер турат? Миңдеген бодо мал жана жандыктардын баш шыйрактары, ич эттери – өпкө жүрөктөрү, карын-жумурлары аккан сууларга ыргытылып, же талааларга тонналап ташылып төгүлүп, айлана чөйрөнү булгап, абаны сасытып, ооруларды жараткандар кимдер? Ошол малдарды кимдер үгүттөп сойдурушту? Кимдер башында туруп, батаны беришти, сакалдарын сапсайтышып, кайдагы бир жөөт Авраам Ибрагимди мактап даңкташып? Кыргыздын ата-бабаларына эмес, кайдагы бир араб менен жөөттөрдөн чыккан пайгамбарларга алардын сахабаларына арабча куран окутушту, бийлик башчылар башында турушуп. Канчалаган кыргыздын малдарынын кандары суудай агып, дайралар кан менен жинге булганды. Же болбосо, жалганбы жумурай журт? Ошентип, биз дили дитибизди, улутубуздун уңгубашатына каршы чыгып, кыргыздын уюткутун уулап жаткандарга эмнеге туруштук бербейбиз? Иш жүзүндө ууру-кескин, ашынган алдамчы митаам – куулардын көбү кимдер? Намаз окуп, сакал койгондор. Атагы алыска тараган, канчалаган эркектерди алмаштырып, ак караны ылгабай калган сойкулар, бүгүн хиджап оронушуп, жаш кыздарды динге үгүттөгөн шуркуяларга неге чара көрүлбөйт?

Ушундай улутунтуп улуткан, чектен чыккан чыккынчылардын айынан кыргыздар ыйык нарк насилинен, үрп-адатынан, каада-салтынан ажырады. Натыйжада, бөлүнүп жарылып, бир-бирибизге душман болдук. Өз мекенибизде барксыз алсыз, арсыз, арабөк коомго айландык. Себептери эмнеде, Манастын урпагыбыз! – деген кыргыздар?", - деди Мелис Арыпбек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости