www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курултай – деп аты жакшы. А бирок, шайланып келген делегаттардын заты кандай болду экен? Мындай суроону эркин журналист, публицист Мелис Арыпбек салды.

"Алардын арасынан тайманбай, тил жулгуч, кол сындыргычтан тартынып тайсалдабай көйгөйкести маселелерге токтолуп, сүйлөөчүлөр арасында бар бекен? Мына негизги кеп ушунда замандаштар. Азыркы бийликтин өзүм билемдик менен ормон опузага салып, Кемпир Абад жана башка стратегиялык обьектилерди Өзбекстанга өткөзүп жатканы жөнүндө кеп козголот болду бекен? Ушул Курултайга катышкан президент Садыр Жапаровко бирөө-жарымы улуттук утулуш тууралуу айтат болду бекен?

Азыркы саткын, жасалма бийлик Жетим Тоону Кытайга өткөзүп берүүсүн ушул Курултай аркылуу көздөгөн максатына жетеби? Кеп ушунда. А эгерде, ошондой болсо, анда, биздин эл тирүү өлүккө айланган анык болот. Демек...

Демек, Кыргызстандын келечеги мындан ары жокко барабар. Демек, биз - азгырылма, алданма, аңкоо, макоо, жалтанчаак, жалагыч эл экенибизди далилдеп коёбуз. Жок, арасынан суурулуп чыккандар азыркы жалганчы, калпычы, эки жүздүү жана каракчы бийликтин чектен чыккан чыккынчылыгын тайманбай, тартынбай бетине айтышып, эзилген элди өздөрүнө тартып кетишсе, анда, башка сөз...

Ай ким билет, ким билет, сиз мугалим, мен студент – дегендей, бийликтин кооз сөзүнө, түшкү тамак сыйына сатылып, ыраазы болуп, бийликтин көздөгөн талабын, колдошуп тарап кетишсе... Анда бул дүжүр Курултай жалпы жумурай журттун шору.

Ошентип, кыргыздын ырайымсыз душманы, анын саткын чыккынчы, ашынган ач көз арамза бийлиги гана эмес, аны шайлап алган эли дагы чыккынчы экенин далилдеп коюшат", - деди Мелис Арыпбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости