www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Арыпбек Садыр Жапаровго эскертүү берди

Өз күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат – кыргыз эл макалы.

Садыр иним, капа болбо. А бирок, арга кеткендиктен, ачуу чындыкты бетиңе, агаң катары, айтууга мажбур болуп турамын! Акыркы күндөрү дагы бир жакшы көргөн иним Камчыбек Ташиев экөөңдүн үстүндө кара булут каптап каалгып турган учур.

Өзгөчө, 1,5 жыл бою камакта күнөөсүз саясый куугунтукка кабылып, жаткан саясат серепчиси Марат Казакбаевдын өлүмүнөн кийин, калдайган калың калктын каары күчөп калды. Ошондуктан, кайра дале Камчыбек иним экөөңөргө боор тартып, ушул кайрылууну жазып турамын. Кошоматтыктан көрө, ачуу чындык миң эсе жакшы!

Өмүрүмдө экөөбүз жолукпасак да, а бирокк, өзүң жабыркап-жалдырап адилетсиз түрмөдө өлүм менен арбашып да, кармашып жатканда, мен журналист публицист агаң катары, колдоп коргоп келгемин.

Атүгүл, агаң Сабырга, Кумтөр - кылым аферасы тууралуу журналистик иликтөөнүн негизинде жазылган “УНАИС” аттуу даректүү китептеримдин бир таңкагын, сени абактан окусун деп тартуулаганмын. Өзүңдүн дагы Кумтөр боюнча жазгандарыңдын баарын окуганмын.

Абактан сени чыгарып келгенден баштап, азыркы өзүң олтурган өкмөт үйдүн алдындагы митингдерде күнсайын сүйлөп, сени мактап даңктап, талабыңды талашып чуркагамын.

Ал ак эмгегим үчүн митингди уйуштуручуу сакалчандар менен соодалашып, алардан жарты тыйын албагам. Алар эс алган учурда бир бирин алмаштырып, жирный обед кылып жүрүшкөн, бири дагы мени чайга чакырышпаган.

А бирок, мен болсом, тескерисинче, өзүнчө он-чакты адамдан топ түзүп алып, аларга күнүнө үйдөн чүйлүү тамак ашымды, жармамды ташып, караңгы киргенге чейин, Садыр! эле Садыр! – деп жумалап жүргөнүмдү көпчүлүк жакшы билет. 

Кырдаал курчуп жатканда, резиденцияга жакын “Ысык Көл” мейманканасы тарапка көчтүк. Анткени Сооронбай-Шариман коңулдан чыгып, башын көтөрүп, кыр көрсөтүп калган болчу. Тараза ал тарапка ооп бураткан.

Ачыктан-ачык соодалашууга да өткөн, ортого Роза Отунбаевага окшогондорду салып. Атына заты жарашкан, “Ыйык Көл” таарыхый мейманкананын касиети күчтүү экен, анда эки тарап тирешүүдө, акыры сени колдогондор жеңишке жеткенбиз.

Тилекке каршы, ошол улуттук көөнөрбөс байлыгына айланган таарыхый имараттын азыр элеси калып, өзү жок, чаңга айланган. 

Митингдер аяктап, Сооронбай бийлигин аргасыздан өзүңө өткөзүп бергенде, бир туугандарың жылкыларды сойуп, түлөө өткөзүшүп, өздөрүнчө майрамдашты. Менин тобумду алардын бири дагы эстеп чайына чакырышпады.

Бир убакта эле, түштөн кийин күтүп турган автобустарга олтурушуп жылт койуп жок болушкан. "Хотя" ошол микрофонду тейлегендер, күнүнө мени күтүшүп: “Мелис байке, келиңиз сиз жалындуу сүйлөйт экенсиз!” - дешип, эл арасынан чакырып турушчу эле. Ошол сакалчандардын бири, кийин шаардын мэри боломун – деп жулунуп жүрдү.

Акыры ал майлуу-сүттүү тармагына илешип, оокатын кылып жатат. Ал эми, чындыгында, ал жигиттер от души иштеп беришкен ал күндөрү сенин талабыңды талашып. Агерде, алардын арасында илим-билимдүү ишбилгилер бар болсо, албетте, аларга ылайыктуу кызматка барса эмнеге болбосун. А бирок, алардын көбү өз аттарын деле так жазалбагандар эле иш жүзүндө.

Садыр иним, буларды кандай бир денгээлде доомат катары айтып жатканым жок. Мен өзүңдү, кыргыздын намыскөй мекенчил атуулу катары сезип, өз эрким менен кырдаалдуу күндөрдө колдодум.

Акыры, президенттикке аттандың. Ошондо, Штаб поддержки кандидата в президенты Садыра Жапарова ордосун ачып, борбордук штабдын жетекчиси менен кеңешип бирге иш алпардык. Күналыста анын жетекчиси жана Галина Байтерек дагы биздин штабка келип турушту.

Ал жерге аттуу-баштуу, атактуу адамдар: Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев, алп манасчы Дөөлөт Сыдыков, Юрий – Юрбек Бобков, Ата Мекен согушунун ардагери көлдүк атаң – акын жазуучу, меценат эки миллион накталай акчаларын жетим-жесирлерге бекер тараткан улук Асек Урманбетов жана башка белгилүү орто муундун өкүлдөрү биригип, агитация жүргүзүп жаттык.

Акыры, Мелис Аспековко окшоп тутамдап акча кармабасак да, өз салымыбызды ак дилибизден кошуп, өзүңдү президент кылып шайлап алууга салымыбызды коштук. Ошолордун арасында эл арасында абройу абдан бийик алп манасчы Дөөлөт Сыдыков азыр кайда? Ал жагын өзүң жакшы билесиң.

Асек Урманбетов жүзгө жакындаган согуштун ардагерин, жок дегенде 9 май Жеңиш күнүндө Ак үйү, Көк үйү эстеп да койбодуңар. Ал опперация болуп эки айдан бери ооруканада жатты.

Бир буту жок, эки көзү да дагы жакшы көрбөй калган карыяны бийлик унутуп койдуңар. Агерде, сенин ордуңда болсом, ошол карыянын үйүнө издеп атайын барып, анын ак батасын алмакмын.

Учурунда, Сооронбай Жусуев менен Сүйүнбай Эралиев аксакалдар Кыргыз Эл Баатыры болушкан. Асек Урманбетов аларга караганда, китептеринен түшкөн каражаттарын бей-бечараларга эки миллиондон ашуун акчалай жардамын бергени менен айырмаланат! Согуштан майып болуп келген ардагерди бийлик анчейин барктабай келгени өкүнүчтүү.

Ак үйдөгүлөр, силердин көзүңөр да, көкүрөгүңөр да сокурбу? Эңсегениңер мансап, бийлик жана байлык. Же болбосо, андай эмеспи? Адилеттик үчүн, бир буту тигил дүйнөдө турган Асек атаңа тиешелүү Кыргыз Эл Баатырын берип койсоң, андан кичирейип калбайсың. Азыр дагы кеч эмес. 

Ашынган алдаркөсө аферист ууру кескиндерди дагы, өзүң сот болуп, “Жүз эсе ашыгы менен кустуруп жатамын” – деп мактанып жатпайсыңарбы Камчыбек досуң экөөң. Анан Ширшовко окшогон олигарх ууру кескинди кабыл алып, кечирип, дос кылып жатасың да. Же болбосо, жалганбы?

Ошол өзүңдүн Ыйык Көлдүк улук атаңа караганда, уурулар сен үчүн жакынбы, артыкпы? Между прочим, залкар манасчы Дөөлөт менен Асек аксакал өзүңдүң жердештериң.

Садыр Президент иним! Сенден өтүнүч. Биринчиден, өзүңдүн тегерегиңдеги алчы-таасын, такымын жеген кошоматчылардын тилине кирип, Дөөлөт Сыдыковду мекенинен чыгып кетүүгө мажбурладыңар. Аны жалпы жумурай журт жакшы билет. Ал өлкөсүнөн үй-бүлөөсү менен чыгып кеткенден баштап, бизде кырсыктар көбөйүүдө.

Азырынча жайдын күнү мал кана кырсыктап өлүп жатат, калың кардын алдында калып. Атүгүл, кайберендер дагы кырылып жатат ошол эле Ыйык Көлдүн жайыттарында. Демек, булар азырынча Жараткандын эскертүүсү. Андыктан, залкар манасчы Дөөлөт Сыдыковду кечиктирбей мекенине кайрып келип, ага баардык шартты түзүп бер.

Керек болсо, кызматтык унаасы менен жана жардамчысын кошуп. Сооронбай менен Роза Отунбаевага ай сайын миллиондогон каражаттар казнадан жумшалып жатпайбы. Сооронбайга ырымдап, эксти өзүң бергенсиң. Туурабы, Ошондой эле Асек Урманбетов атаңа Кыргыз Эл Баатыр наамын ырымдап берип койгунуң. Ошондо, балким, каптаган кара булут, кайрадан таркап кетээр.

Үчүнчүдөн, камакта соттолбой, убакытты создуктуруп тирүүлөй өлүп жаткан сайасый куугунтукка кабылгандарды эркиндикке чыгарып, боштондук бергиниң кечиктирбей.

Центерранын башына салынган 3,5 миллиард долларды, ырымдап кечирип койбодуңду, өзүмбилемдик кылып. Туурабы? Ширшов-Дашковкодорго караганда, абакта камакта соолуп жаткандар миллиарддаган мамлекеттин акчаларын уурдашкан эмес да. 

Эсиңен чыгарбай, жадымыңа түйүп алгының Садыр иним, сага бетиңе чыркыраган чындыкты айткандар, койнуңда жаткан жубайыңа, би ртуугандарыңа, курчап алган кошоматчыларга караганда кадырэсе жакын. Ошолордун айткандарын угуп, жыйынтык чыгарсаң, анда эл ишеним артып, мөөнөтүңдүн айагына чейин такта олтурасың.

Төртүнчүдөн, мектептерге диндер бойунча сабактарды күч менен таңуулаганды токтоткун. Бул арабөк ойуңан артка кайт. Кыргызстан сага ислам халифаты эмес. КР – светтик мамлекет. Диндер мамлекеттин ишине эч киришпейт, акысы да жок, четтетилген. Анын ордуна Манасоведение, Кыргызоведение деген сабактарды киргизүү керек. Сага чын дилимен жакшылык каалаган жазмакер агаң - көзкарандысыз журналист, публицист, жазуучу Мелис Арып-Бек

12.06.2022 жыл

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости