www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Мырзакматов ким тарапка оойт?

Мекенибиздин башына кыйынчылык түшүп турганда Мелис Мырзакматов сыяктуу эл арасында кадыр-баркы бар адамдар келишти. Мелис Мырзакматов өз учурунун курмандыгына чалынып 2014-жылы январында ошол кездеги бийлик ээси Алмазбек Атамбаевдин «Десанттары», кечээ СДПКнын активдүү мүчөсү, учурда «хамалеончо» терисин тескери кийип «Республика» партиясынын чыгаанына айланган Аалы Карашевге окшогондордун айынан Ош мэрлигинен кош айтышып, артынан жалган жалаа менен жети жылга кесилип сыртта жүргөн. Мелис Мырзакматовдун башкалардан айырмасы ал бийликти талашпай элине тынчтык орношу үчүн «шайтан» менен да сүйлөшүүгө барам деп жатты. Кыргызстанда да тынчтык орноп келатат. Мелис Мырзакматовдун мындай эмгеги эске алынып, ушундай кырдаалда Түштүк аймактары боюнча бийликтин  өкүлүнө айланса дурус болмок. Мындай кызматты учурунда Жантөрө Сатыбалдиев, Алмамбет Матраимовдор аркалаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости