www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-февралда Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековду өз кызмат ордунда калуусун талап кылгандар Саламаттыкты сактоо министирлигинин алдында тынчтык митингин өткөрдү.

Митингге чыккандар Бейшеналиевдин жүргүзгөн реформасына каршы болсо, министрди колдоп жалгыз аял митингге чыкты.

“Элдик министр алга!”, - деген ураандагы плакат менен жалгыз аял Бейшеналиевди колдогонун айтып, ыраазычылыгын билдирди.  

“Алымкадыр Бейшеналиев элдик министр экенин сезип, туюп атабыз. “Элди бай-кедей деп бөлбөй баарын даарылайбыз!”, - деп телевизордон сүйлөгүнөн колдоп чыктым. Министр 30-40 жылдан бери иштеп жаткандарды алмаштырып, жакшы кылды. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун шаардык болуусун колдоймун. Себеби, бизге Лебединовка айыл өкмөтүнө тез жардам келбейт. Акчасы көп адамдар, ырчылар акчасын берип көрүнүп, бизге окшогон адамдар каралбай калып жатат. Мен жалгыз болсом да 1000 кишиге татып, “даканса” туруп берем!”, - деп жооп берди атын атагысы келбеген митингдин катышуучусу. 

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.

Маалымат жыйындан кийин министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жаңы жетекчи менен тааныштыруу үчүн ооруканага барган. Бирок кызматкерлери эшикти тосуп алышкан. Сабырбек Жумабеков министр өзү билемдик кылып жатканын айтып, ал президент Садыр Жапаров бул жагдайды териштирбесе жаңы жетекчини киргизбей турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости