www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Менин кыргыз улутум үчүн эгемендик оңой келип калган болчу. Нечен кылымдар бойу эңсеген эркиндиги СССРдин тутумундагы 15 республиканын катарында колго тийип, заматта өзүнчө мамлекет болуп, башка элге тең боло түшкөнбүз. Ошондо биз үчүн баары жаңы, баары кызык, баары “модно” болду”, - дейт КР эл акыны, жазуучу, драматург, Меңди Мамазаирова.

"Президент" деген түшүнүк кирди. Президент шайланган соң, ойго келбеген шаан-шөкөттөр менен инаугурациясын өткөрүү... Бул да жаңылык эле. Эртең менен резиденциядан Ак үйгө чейин президенттин машинасы өткөнчө жолдорду бууп салуу... Биринчи жолу ачкачылык жарыялоо да биз үчүн жаңылык эле... Митинг... Ар кандай жүрүштөр... Революциялар... Анан барып Кетсин! Кетсин! деген сөздөр оңой айтылчу болуп, жыйынтыгында эки президентибиз качып кетти! ҮЧҮНЧҮСҮ АБАКТА отурат. Ондогон партиялар пайда болду. Партиялардын кесепети менен ата менен бала, эне менен кыз кас болду... Трайбалисттик сезимдер күчөдү. Партия деген “чоң” бизнеске айланганын мойунга албай койууга болбос! Ар кандай секталар, батышты туурагандар же арап болгусу келгендер... Гейлер... Баары, баары болду, бирок, Өлкө өйдөлөнбөдү...Коррупция деген ажыдаар бүтүндөй каптап, элди катмар-катмарга таптакыр бөлүп салды. Мамлекет жакырчылыкка, сырткы миллиарддаган карызга кептелип, ушул күнгө туш болдук. Баарынан элдин көңүлү калды. Ишенич деген өлдү. Байыркы элим, байымдуу элим баарына чыдады, түттү, бирок, өткөн жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон эл, айрыкча жаштар дагы Ак үйгө басып кирип, бийликти кулатты. Жаманбы, жакшыбы, эркиндикти туу туткан КЫРГЫЗ деген улуттун даңкы дагы дүйнө жүзүнө дүңк (!) этти...

Мына, 10-январда, улутумдун 80 пайызы каалап, ЭЛ БАШЫН шайлап алышты. Инаугурация качан, кайсыл жерде, кандай шаан-шөкөт менен болот экен деп турганда, 10-15 миллиондук каражат кетет деген маалымат тарады. Казына какшып, карыз коколоп турганда анча каражат кайдан табылат? Эмне, элге той береби? Жөн эле өтсө болбойбу? Элдин башы ушуга ооруду.

Кудай жалгап, жаңы шайланган ПРЕЗИДЕНТ элге кайрылуу жасап, эч кандай шаан-шөкөт болбойт, резиденциядан Ак үйгө чейин жолдор буулбайт, филармоняга жөн эле кирип келип, эл менен амандашып, ант берип чыгып кете тургандыгын жарыя кылды. Бул жаңы Президенттин алгачкы кадамы... Эл үмүтүн жандырган мыкты кадамы!

Тур, улуу журт! Көтөрүл, карайлабай,

Асыл денде данектүү жаның барда.

Кыл тамырда кыпкызыл каның барда,

Ала-Тоодой түгөнгүс демиң барда.

Ысык-Көлдөй жүзүндө калың барда,

Руху бийик Манастай кебиң барда.

Хан-Теңирдей урагыс белиң барда,

Түгөнөөрдө түтөгөн элиң барда.

Түбөлүккө баштаган тегиң барда!

Мезгил эмес, жайланып жатуучу жай,

Көтөрүлгүн улуу журт, өрдү карай.

Ала-Тоодон көрүндү үмүттүү нур,

Тур, улуу Журт!

Көтөрүл! Карайлабай! - дейт КР эл акыны, жазуучу, драматург, Меңди Мамазаирова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости