www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы күндөрү Франциянын өкмөтү коронавируска байланыштуу жаңы, үчүнчү катарынан карантин жарыялашы мүмкүн, деп билдирет Le Journal du Dimanche, өлкөнүн өкмөтүндөгү өз булактарына таянуу менен.

Билдирүүгө ылайык, жакынкы аралыкта чечим кабыл алынып, жаңы карантиндик убакыт жана так чектөөлөр талкууланууда. Кийинки карантиндин жарыяланышы Францияда коронавирустун "британиялык" вариантынын тез жайылышына жана Түштүк Африкада табылган жаңы штаммга байланыштуу.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жаңы чектөөлөр боюнча сөзү Коргоо кеңешинин шаршемби күнү, 27-январдагы отурумунан кийин болушу керек, деп жазат гезит. Жаңы карантин режими кийинки жуманын аягында күчүнө кирет жана кеминде үч жумага созулат. Франциядагы биринчи карантиндик режим коронавирустун жайылышына байланыштуу былтыр 17-мартта киргизилген жана 11-майга чейин күчүндө болгон. Экинчи карантин 30-октябрда жарыяланып, 15-декабрга чейин күчүндө болгон. Азыр Францияда коменданттык саат 18: 00дөн 6: 00гө чейин күчүндө, бардык ресторандар менен кафелер, театрлар, кинотеатрлар жана музейлер, ошондой эле спорттук жайлар жабык.

Умиджон Нозимжонов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости