www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын жараны Дилшат Нажмидинов Кыргыз элине кайрылуу жасады.
Урматтуу кыргызстандыктар! Эр жигиттер эзелтеден эле элди, жерди коргоп келген.Тактап айтканда, “жакшыны жакшы десе күндө жакшы, жаманды жаман десе күндө жаман” дегендей акыркы учурларда жигиттердин социалдык тармакта ынтымакка келбей иттей ырылдашып келе жатканы туура эмес.
Буга чейин саясатта эл тарабынан колдоого алынган президенттер болбой койгон эмес, буга чейинки президенттерибиздин элине көрсөткөн жакшы иштери деле көп эле болгон. Тилекке каршы жанындагы кошоматчы жан-жөкүрлөрүнүн себебинен баштаган иштери аягына чыкпай эле, Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө жолтоо болуп жатты. Жыйынтыгында ийгиликтерди көрө алган жокпуз.
Азыркы жаңы шайланган Президентибиз Садыр Жапаров кызматына кирише электе инагурация иш-чарасына шылтоо кылып, тескери нукка буруу аракеттер күч алып баштады. Бирок кубандырган жери Садыр Нургожоевичтин эл менен жакын мамиле болгондуктан баардык маалыматтардан кабардар болуп, оперативдүү түрдө чечим кабыл алып иннагурацияга кете турган каражатты бир топко кыскартты.
Урматтуу кыргыз элим!
Келиңиздер, жакшылыкты жаман жакка бурбай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымакта болуп, өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап жакшы ниет, жакшы иштерге умтулайлы. Мисалы кошуна Өзбекстан өлкөсүнүн президентти Шавкат Мирзиёевдин жасаган иштерине эли чоң колдоо көрсөтүп ыраазы болуп сыймыктанып ак батасын берет. Биз дагы сырттан сынап карап турбай, Садыр Нургожоевичтин колуна-кол, бутуна-бут болуп чоң ынтымакта Кыргызстаныбызды кошуна жана эл аралык өлкөлөрдүн арасында жакшы сапаттарыбызды көрсөткөнгө аракет кылалы.
Мен, Садыр Нургожоевичти жакшы билген адам катары белгилеп кетким келет коррупциялык иштерге, тууган урукту колдоо жана ошого окшогон туура эмес кадамдарга барбастыгына көзүм жетет деп айта кетем.
Сиздерди терең урматтоом менен Дилшат Нажмидинов
Булак: NazarNews.kg