www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-январда социалдык тармакта будуң-чаң болду. 20 жаштардагы белгисиз адам болжол менен жашы жете элек өспүрүмдү зордуктап жаткан видеотасма тараган. Бул ыплас иш мончодо болгон, бирок качан тартылганы белгисиз. Аталган видеотасма коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратууда.
Бир нече саат мурун Ички иштер министрлиги бул факты боюнча ыкчам жана тергөө кызматтары тарабынан зордуктоого шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгы айтып, аймактык ички иштер органдары окуянын чоо-жайын аныктоо жана шектүүнүн өздүгүн тактоо боюнча чараларды көрө баштаганы жарыялаган.
Мамлекеттик кызматтын ашмалтайын чыгарган Элвира Сурабалдиева, “Милиционерлердин баардыгы видеодогу педофилди издөөдө, жакын арада кармашат деп ишенем”, деп социалдык тармакка пикирин жазып чыкты.
Кызыгы, эртең “Ички иштер министри Улан Ниязбековго тапшырма берип, зөөкүрдү мен таптырдым”, - деп албаса болду Сурабалдиева. Анчалык болду Ниязбековго орун басар болуп алса жакшы болот беле? Митингде жүрө берип элдин деле жүзүн жатка билет. Ушул митингчи аял Трамптын методун көп колдонот да... Жакында соцтармактарынан айрылып калбагай эле...
Баса, эмне бул базарчынын башчысына мамлекеттик кызматтын эрежесин үйрөткөн инсан жокпу? Мамлекеттик кызмат "киптанса" эмес да, ар жерге барып тумшук тыга бергенге ...
Булак: NazarNews.kg