www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп ротациялоо жолу менен Элеманов Мендирман Исмаилович дайындалды. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Жаңы дайындалган жетекчини Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов билим берүү бөлүмүнүн аппаратына, мектеп директорлоруна жана бала бакчалардын жетекчилерине тааныштырды.

Шаар башчысы билим берүү тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги тиреги экенин белгилеп, жаңы жетекчиге жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди, үзүрлүү эмгек жана албан жетишкендиктерди каалады.

Элеманов Мендирман Ысмаилович - 1974-жылы Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында туулган.

Билими: жогорку, ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер факультетинин англис тили мугалими 

Иш тажрыйбасы: 

•2003–2004-жж. Жалал-Абад облустук аңчылыкты жөнгө салуу башкармалыгында инспектор;
•2005–2010-жж. Казакстан республикасынын Алматы шаарындагы №44 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;
•2010–2015-жж. Жалал-Абад шаарындагы Ж.Бакиев атындагы орто мектептин директору;
•2015-жылы - №16 Э.Арапбаев атындагы орто мектептин директору;
•2016-жылы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси;
•2016–2023-жж. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин башчысы;
-ЮСАИД “Окуу керемет” долбоорунда улуттук тренер;
-Мерсико жана ВПП ООН мектептерге ысык тамак боюнча жооптуу адис, UNICEF көп тилдүү билим берүү программасы боюнча жооптуу адис;
•2023–2024-жж. Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү башчысы;
•2024–2025-жж. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
•2025-жылы. Сузак айыл өкмөтүнүн орун басары – жооптуу катчы;
•2025-жылдан азыркы учурга чейин Сузак райондук маданият бөлүмүнүн башчысы.

Эскерте кетсек, Манас шаардык билим берүү бөлүмүн буга чейин Жеңиш Байзаков жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. 

 

Последние новости