www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков Алымкадыр Бейшеналиевге жооп берди.

Касымбековдун айтымында, саламаттыкты сактоо системасынын кызыкчылыгы кызмат жана жеке амбициялардан бийик турат.

«Өлкөнүн жетекчилиги эмне дейт, көрөбүз. Бирок, менин оюмча, бир эпизод боюнча гана тергөө токтоду, калгандары боюнча иликтөө уланууда. Мен жамандык каалабайм. Башкысы — адам акталышы керек. Мен муну чын жүрөгүмдөн каалайм.

Ал эми кызмат маселеси… Эгерде ага кызматы кайра тапшырылса жана мени менен Жаркынбек Касымбеков, Алымкадыр Бейшеналиев иштөөгө ыңгайсыз болсо, бул борбордук аппараттагы атмосферага жана саламаттыкты сактоо системасына таасир этип жатканын көрсөм, албетте менин кызматым ага татыбайт, мен кетем», - деди Касымбеков.

Эске сала кетсек, 4-июнда Жаркынбек Касымбеков саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган. Ошондой эле Бейшеналиев жумуштан четтетилгенден кийин министрдин милдеттери Касымбековго жүктөлгөн.

Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган болчу. Ага карата 7 кылмыш иши козголгону айтылган. Андан кийин президент Садыр Жапаров тергөө аяктагыча Бейшеналиевди жумуштан четтеткен.

Кечээ, 16-августта Бейшеналиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши токтотулганы белгилүү болду. Ошондой эле Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматына кайтып келүү үчүн президент Садыр Жапаровдун макулдугун күтүп жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости