www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр Акаев: Үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнө турганын шаар мэри Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет.

- Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп бере албайбыз. Учурда Министрлер кабинетине бир катар жерлерди трансформациялоо боюнча сунуш бердик. Башкача айтканда, маселени алмашуу жолу менен чечүүнү көздөп жатабыз. Тактап айтсам, турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарды карабай калтырбайбыз. Бирок бул үчүн бир аз убакыт талап кылынат, — деди Акаев.

Калаа бийлиги мындан ары да жол тыгындарын азайтуу максатында жолдор кеңейтиле турганын белгилеп, буздуруу иштери улантыларын кошумчалады.

Шаар боюнча 1500дөн ашуун ар кандай имараттар сүрдүрүлгөн. Алардын 1000ден ашыгы турак үйлөр же короолор болсо, калганы коммерциялык объектилер.

Шаардын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин жаңы мэрден кенемте талап кылган жарандардын саны көбөйгөн. 24-мартта шаар бийлигине ондогон жарандар келип, кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.

Буга чейин айрым юристтер шаар бийлиги жарандардын жеке менчигине карата мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөнүн айтып келишкен. Токторбаевдин тушунда шаардагы каналдардын жээктери тазаланып, жол боюндагы турак жайлар «кызыл сызыкка чыгып кеткен» деген негиз менен буздурулуп келген.

Последние новости