www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жана структуралык бөлүмдөрдүн башчылары менен кеңешме өткөрүп, анда 2020-жылда жасала турган иштер талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев быйыл Бишкекте жарандык демилгелерди ишке ашырууга багытталган пилоттук долбоор башталаарын билдирген.
"Бул жылы Бишкекте жарандык демилгелерди ишке ашырууга багытталган пилоттук долбоор башталат. Анда шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорун сунуштаган жарандарга каржылык колдоо көрсөтүлөт. Мындан ары салыктык жана салыктык эместик кирешелер, чыгашалар, сатып алуулар, электрондук аукциондор боюнча иштелип жаткан каражаттар ачык-айкын элге көрсөтүлүп турат", — деди вице-мэр.
Ал эми курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев быйыл 63 билим берүү мекемеси, 9 саламаттык сактоо, 7 маданий жана башка 60 социалдык негиздеги имарат капиталдык ремонттон өтө турганын белгиледи.
Транспорт жана жер саясатын тескеген вице-мэр Азиз Алымкулов Европа, Түркия жана Россиянын тажрыйбасын үйрөнүп келген кызматкерлер "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын цехинде жол чырактарды чогултуп жасоого даяр экенин айткан. Муну менен бюджеттен 50 пайыз акча үнөмдөлөт.
Ошондой эле жер тилкелерин жөн гана конкурс аркылуу эмес, электрондук аукцион менен берүү пландалууда. Бул боюнча документтерди Бишкек шаардык кеңеши жактырып берсе ишке кирет.
Суракматов транспорт тармагында жана социалдык саясат боюнча реформа жүрбөй жатканына нааразы болду. Жарандардан дагы деле арыздануулар түшүп жатканын эскертип, тез арада иштин багытын жана методдорун кайра карап чыгууну тапшырды.
Мэр турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровго калаадагы отканаларды газга өткөрүү ишин тездетүүгө тапшырма берди.
Буга кошумча, шаардык кызматтардын, өзгөчө "Тазалыктын" жумушчуларынын ишин жандантуу үчүн жаңы техника менен камсыздалып турушун эскертти.
Булак:NazarNews.kg