www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Абдылдажан агай, Сиз адабиятчы, окумуштуу катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдеп келесиз, бирок кийинки мезгилдерде жазуучуга арналган бир топ саптарды арнадыңыз, бул эмнени түшүндүрөт?...
- Чынын айтайын Чыңгыз агайга арналган ырларды жана поэмаларды жазайын деген оюм түшүмө да кирген эмес. Адабиятчы катары повесть, романдарына адис катары талдап келгеним менен жан дүнөмдөгү уйгу-туйгулар, сезимдер тээ жүрөктүн түпкүрүндө катылып жаткан экен. Чыңгыз агай кайткандан кийин өзүмдү ички дүйнөмдө бир ээн талаада жападан жалгыз калгандай сезип жүрдүм. Алгач көзүмдөн жаш чыкпады, анан эле баарын акыл-эске салып, чынында эле Чыңгыз агайдан айрылып калганымды туюп-сезгенимде көзүмдөгү жаш нөшөр сымал төгүлүп турду. Менин жанымдагы кызматкерлер күбө, бул процесс алты айдай б.а. июль айынан декабрга чейин (2008-жылы) уланды. Эң акыркы көзүмдөн жаш Караколдо 14-декабрда тамганын жакшы билем. Ушул учурларда саптар келе берди, келе берди...
- Биринчи ыр саптарыңыз кандай жагдайда, качан чыкты эле?..
- 2008-жылы июль айында Түркиянын Элазык шаарына барып калдым. Ал жерге 2007-жылы Чыңгыз агай экөөбүз барган элек, атайын анын атынан парк ачылган. Анан бир жылга жетпей агай дүйнөдөн кайтып, эскерүү болуп калды. Түркиянын ар кайсы жерлеринен акындар келип, Чыңгыз агайга арналаган ырларын окушту. Аябай толкундандым. Бир кезде мен жазуучунун 60 жылдыгына карата Расул Гамзатов, Мустай Карим, Шкурлоо, Керим Крубаннепесев, Мухтар Шаханов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев ж.б. акындардын ырларын топтоштуруп, 1989-жылы "Ызаат" деген ат менен "Адабият" басмасынан чыгарган элем. Ошону ойлодум, Бишкекке жетерим менен көп ырларды жыйнап, ыр жыйнагын түзүүнү пландаштырдым. Чыңгыз агай дүйнөдөн кайткандан кийин көп акындар өздөрүнүн урмат-сыйларын поэзия аркылуу билдиришкен эле. Түрк акындарынын ырларын кантип алуу, кантип которуу тууралуу ойлонуп, түнү бою уктабай чыктым. Элазык-Стамбул самолетуна отурганда эле менде бир сезим алып учуп, толкунданып, кандайдыр күтүүсүз саптар келе баштады. Алгач өзүм да чочуп кеттим, ичимен ал саптарды кайталасам, жан дүйнөмдөгү уйгу-туйгулар оргуштап чыгып, шаштырып жаткансыйт. Эмне кыларымды билбей, кагаз, калем издей баштадым. Калемим бар экен, кагазым жок, бардыгын чемоданга салып, Бишкекке чейин жүгүмдү салып коюптурмун. А саптар мени шаштырат, унутуп калбайын деп улам-улам кайталайм. Бир маалда стюардессадан салфеткаларды сурап алып, "биссимилда, рахман ырахим" деп бата кылып, кагазга түшүрө баштадым:
Кудай берет, ар адамга тагдырды,
Мен да өтөмүн, сен да өтөсүң акыры.
Жер-эненин кучагында мемиреп, -
Аалам Алпы Айтматов да жатыры...
Айтматов бар Аалам толук көрүнчү,
Ар аткан таң Кубаныч деп сөгүлчү.
Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп,
Мээрими да Күн нурундай төгүлчү!... Ошентип, нөшөр сымал жан дүйнөмдөн кагаз бетине түшө берди, түшө берди.... Бишкекке келгенде 56 куплет ыр саптары болуп калыптыр. Оңдогон да, түзөткөн да жокмун, кандай чыкса ошондой кылып "Айтматов бар Аалам толук көрүнчү" деген ат менен китепче чыгардым. "Радиодон текстти окуп жатып, токтоно албай ыйлап, радиодогу жазууну бир топ үзгүлтүккө учураттым" деп эскерип калар эле Кыргыз Эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов. Ыр саптарымды угармандар, окурмандар жакшы кабыл алышты. Кыргыз Эл артисти Б.Бекболиев, ЖК депутаты А.Сасыкбаева да мага айтканы эсимде. Ырларымдын негизинде диск да чыгып, атайы артисттердин окуусуңда 2012-жылы КТРде кече да өткөн. Ойлогом, жан дүйнөмдүн күйүтү чыкты го деп. Бирок, андай болбоду. Бир жагынан Ата-Бейитке бара бердим, экинчиден, ырларды жаза бердим. Ырларды атайы жазайын деп максат кылып жазган жокмун. Жан дүйнөмдүн булуң-бурчтарында калган сезимдер ойгонуп жатты. Ойлоном, жатаам, жыйналышта отурам, анан эле бир сезим-ойлор курчап алат, баарын унутам да кагазга түшүрүүгө шашылам. Баку, Ташкент, Алма-Ата, Турция, Кытай, Корея ж.б. жерлерде жүрсөм да Айтматовго арналган саптар келе берчү, 700дөн ашуун ыр саптарын жазыптырмын, жакында түрктөр которуп, китеп кылып басышты. "Рух дүйнөнүн асманында Алп жатат", "Аалам кезип, Айтматовдон салам айт" деген өзүмдүн ыр жыйнактарымды чыгардым жана башка акындардын ырларынан топтоштурулган "Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп..." деген жыйнакты түздүм. Айтматовдун жан дүйнөсүнө байланыштуу ырларды коом менен байланыштырып ачып берүүгө аракеттендим.
- Айтматовдун эң жакын шакирти, замандашы Болот Шамшиев да жакында дүйнөдөн кайтып кетти. Экөөнүн чыгармачылык байланышы тууралуу көп эмгектер жазылды, айтылды дегендей...
- Ооба, Айтматов менен Шамшиев бири-бирин толуктап турар эле...
- Сиз өзүңүздүн китебиңизде мындай деп жазыпсыз: "Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев экөөбүз (2008-жыл, 14-июнь) Чыңгыз агайды акыркы сапарга узатканы автобуска бирге отуруп Ата-Бейитке жөнөп калдык. Ошондо Болот ага Чыңгыз агайдын жыйырма күндөй мурун ыйлаганын мага айтып калды..."
- Бир чети таң калып, бир чети жан дүйнөбүз бөксөрүп турганда "эмне үчүн" деп суроого анда убакыт да, шарт да жок эле. Болот агайдан кийин суроонун жообун алайын десем, "кийин, кийин..." деп жоошутуп койгон. Экөөбүз Бакуда болгондо да (2008-жыл, октябрь) бул суроодон кылчактаган. 2010-жылдын 10-февралында Улуттук илимдер академиясында өткөн Кара кыргыз автономиялуу областын 85 жылдыгына арналган конференцияда ошол окуяны эстеп кетип, "Мончок жаштын эмне эле жандырмагы?!..." деген төмөнкү ырымды жазган элем:
МОНЧОК ЖАШТЫН ЭМНЕ ЭЛЕ ЖАНДЫРМАГЫ...
Ыйлаптырсыз, эмнеге ыйладыңыз,
Жан дүйнөнү эмнеге кыйнадыңыз.
Адамзат тагдырына кейий берип, -
Ааламдын алкагына сыйбадыңыз.
Көзүңүздөн жаш неге акты экен,
Сырыңызды бирөөлөр тапты бекен.
Чабалекей чырылдап турган өңдүү,-
Өмүрдүн терезесин какты бекен?!.
Мончок жаштын эмне эле жандырмагы,
Шурудай тизмегинен чачылганы.
Сыртыңыздан жаркырап турган менен, -
Билинбептир кайгынын катылганы.
Баары ойлошчу Айтматовдо арман барбы?
Чыгармасы түбөлүктүү өлбөс жанбы?!
Жан дүйнөңүз Аска-зоодой турган менен, -
Качуу кыйын турмуштан айла барбы?!
Тоскоолдук, жолтоолордон сынбадыңыз,
Душманды да адал санап, кыйбадыңыз.
Табышмак бойдон мага кала берет, -
Ыйлаптырсыз, эмнеге ыйладыңыз?!.
Эмне үчүн ыйлады?!..
Жан дүйнөсүн кыйнаган эмне болду экен?! Эмнеге нааразы болду экен?!... Бул оорусуна байланыштуубу?!... Бир күндүк эмоцияны сыртка чыгаруубу?!... Же өмүр боюу кыйнап келген арманбы?!... Бүгүнкү күнгө чейин ойлонуп, түйшөлүп келем. А анын сырын билген Болот агай да жок! Балким, эч кимге айтпа деп суранса керек, а Болот агай, 2008-жылы 14-июнда жан дүйнөсүнө батыра албай, сактай албай мага сырдаш катары айтып жиберсе керек?! Болот агайдын жанына ошончо адамдардын ичинен автобуста бирге отуруп калышым да кудреттүү кудайдын буюрганы болсо керек!...
- Сиз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышынын себебин билсеңиз керек, ооруп калуудан башка жагдайлар жокпу?!
- Чыңгыз агайдын өмүрү тууралуу чынында көп ойлончумун. Ден соолугу сырттан караганда билинбеген менен ар түрдүү дарыларды көп иччү. Ошентсе да бери болгондо 100 го чыгат го деп ишенчүмүн. Башка жагдайлар жөнүндө айтуу азыр...
- Эмне, элчиликтен кеткенден кийинки тагдырына байланыштуу деп көпчүлүк айтып жатышат?
- А да ден соолугуна таасир этиши мүмкүн!...
- Сиз да бир нерсени жашырып жаткандайсыз?
-Балким... Кечирегөр, күмөн санай беребиз, Калдыңызбы дарылардан ууланып - деп жазган элем.
- "Акыркы жолукканда Айтматовдун өтө карып кеткенин байкап калдым" - деп маек бердиңиз эле?!
- Карасам футболкачан экен, мойнунан ылдый бырыш түшкөнү көрүнүп турат. Мага мурун билинчү эмес...
Ошондо бир балакет болорун жүрөгүм туйса керек. Шойкоң ой бир заматта келе калып, агайды экинчи бир көрбөчүдөй туңгуюкка кабылганмын. Чыңгыз агай сезип калдыбы, сөзүбүз токтоп, ойлуу басканбыз. Ал жөнүндө "Гачев тууралуу сөздөн кийин агайдын көңүлү чөгө түштү" деген 2008-жылы 17-июлда "Заман Кыргызстан" газетасына берген маегимде токтолгонмун.
- Маегиңизге рахмат!
Маектешкен Тилек Рыскулов
Булак: “Факты.kg”