www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
МАКСАТ ЧАКИЕВ, АКТИВИСТ:
- Азыр тиги же бул партия өтөт деп прогноз берүүгө эрте. Себеби, бизде саясий аба-ырайы бат-бат өзгөрүп турат. Бирок, божомол иретинде айтсак болот. Эски, эки-үч чакырылыштан бери келе жаткан партияларга элдин ишеничи өтө төмөн. Бирок, аларда административдик жана финансылык ресурс бар. Ошол алардын башкы куралы. Ал эми жаңы партиялардын эл алдында ишеними жогору, бирок аларда финансылык жана административдик күч жок. Эгер эл колдоп кетсе жаңы партиялар келип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө кандайдыр бир ишеним өсмөк. Жеке менин оюм алдында ишеними жогору, бирок аларда финансылык жана административдик күч жок. Эгер эл колдоп кетсе жаңы партиялар келип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө кандайдыр бир ишеним өсмөк. Жеке менин оюм оптимисттик эмес, эски «динозаврлар» кайра эле 7-чакырылышта отуруп калышы мүмкүн.
МИРЛАН ДҮЙШӨНБАЕВ, ЖКнын ЭКСПЕРТИ:
- Албетте, азыртан тигил же бул партиялар өтөт деп так, кесе айтуу кыйын. Саясий кырдаал, саясий окуялар биз күтпөгөндөй өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин да унутпайлы. Ошентсе да саясий, каржылык жана адамдык ресурстары бай партиялардын парламентке өтүү мүмкүнчүлүктөрү чоң болот. Бул өңүттөн алганда, «Ата-Журт», «Кыргызстан» «Замандаш» жана бийлик сүрөөчү жаңы партия шайлоочулардын көпчүлүк добуштарына ээ болушат деп ойлойм. Шайлоого көп эле партиялар катышат. Саясий аренада көптөн бери келаткан партиялар да, жаңы түзүлгөндөр да. Бирок 9 %дык босоголук чекти багынтуу көпчүлүк партиялар үчүн кыйын болот. Ошондуктан саясий көз караштарынын жакындыктарына, лидерлеринин тил табыша алгандыктарына жараша биригүүлөр да сөзсүз болот. Демек, тандемге келишкен партиялардын парламентке өтүү мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт. Биригүү саясий лидерлердин өз дымактарын жыйыштырып, шайлоого башка саясий күчтөр менен биргеликте барууга, депутаттык мандатты башкалар менен бөлүштүрүүгө канчалык даяр экендиктерине жараша болот.
МАВЛЯН АСКАРБЕКОВ, 1-МАЙ РАЙОНДУК АДМИНИСТРАЦИЯ БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:
-2020-жылдын 4-октябрында өтө турган шайлоого азыртадан даярдыктар башталды. Бирок, кайсы партия жеңип келээрин эч ким так кесе айта албайт. Бүгүнкү күндө бийликтин партиясы деп айта турган партия жок. «Республика», «КСДП» партиялары талкаланып жок болду. Мен терең ишенем «Ак жол», «Алга Кыргызстан», «КСДП» сыяктуу бийликтин эмес, элдик партиялар чыгып, жеңип келет деп ишенип туралы. Күчтүү адамдардан турган күчтүү партия утуп келсе өлкөбүз оңолот. Ууру-кескилерден, бандиттерден, чала спортсмен, чала бизнесмендерден турган партиялардан мыкты элдин өкүлү чыкпайт. Мындай адамдар өз оокаттарын кылышы керек. Бүгүн кечээги коррупционердин баласы бүгүн шайлоого даярданып жатат. Алардын колунан эч нерсе келбейт. Мыйзамды окуй, жаза алган адам гана өлкөнү алдыга жылдыра алат. Мыйзамды жазганды кой, аны окуп түшүнө албагандар өз жумушун кылсын. Бийлик чыныгы атаандаштык менен таза шайлоо өткөрүп берет деп ишенем.
ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ, КООМДУК ИШМЕР:
2020-жылы жаңы партиялар пайда болушу мүмкүн. Кандай партиялар пайда болот билбейбиз. Бирок кандай болгон күндө да негизи келечектеги шайлоодо эң аз дегенде бийликтин бир партиясы өтөт.
КАРАМАТ ОРОЗОВА, ЖКнын ДЕПУТАТЫ:
-Албетте, КСДПнын мүмкүнчүлүгү жогору. Себеби, тарыхы бар, өлкөбүздүн өсүшүнө эмгеги сиңген, элибиздин жашоосун өзгөртүүгө эмгеги сиңген. КСДП акыркы эле жылдары ЖКнын 4-чакырылышында 11 мандатка, 5-чакырылышында 26 мандатка, 6-чакырылышында 38 мандатка ээ болуп парламентте көпчүлүк коалицияны жетектеп, көптөгөн чоң, ийри жумуштар аткарылганын коомчулук билип турат.
Мамлекетти башкарган үч президентти чыгарды. Ошону менен катар, «Ата-Мекен» социалисттик партиясы, «Республика», «Ата журт» партиясы да элге жакын. Парламенттен орун албаса дагы элге таанымал, мен сыйлаган, «Ак шумкар», «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» партияларынын да мүмкүнчүлүгү бар.
ЖЕҢИШ МОЛДОКМАТОВ, ЗАМАНДАШ "САЯСИЙ ПАРТИЯСЫНЫН ЛИДЕРИ:
-2020-жылдагы парламенттик шайлоодо элдин колдоосуна ээ болгон партия келет деп ишенем. Партиялык идеясы, программасы бекем камтылган, элдин мүдөөсүн аткарган партия келет. Бирок ошол эле учурда капчыктуу партия келбейт деп айта албайм. Бүгүнкү күндө көп акчанын күчү менен келе турган партиялар даярданып жатат. Бул эч кимге жашыруун эмес. Айрым саясий партиялар анын катарында парламентте отурган фракциянын депутаттары аймактарды кыдырып жүрүшөт. Билинбеген үгүт иштери жүрүп жатат. 2020-жылдагы шайлоо аябай кымбат шайлоо болот. Анткени мыйзамга өзгөртүүлөр кирген. 7 пайыздык босого 9 пайызга өстү. Демек, мурун партиянын курамында депутат болуу мандатка жетүү 300 миң доллардын тегереги болсо, азыр 500 миң долларга чыгат. 9 пайыздык босогодон өтүш үчүн партия 180 миң добуш алыш керек. Бул партиялар үчүн аябай оор.
Булак: Факты.kg