www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирлик кыргыздар дагы 30 үй-бүлөнү көчүрүп келүүнү өтүнүшүүдө.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда,  улуу жана кичүү Памирде жашаган кыргыздардан дагы 30 түтүн кишини көчүрүп келүүнү өтүнүп, алардын өкүлдөрү Мула Абдул Хак жана Абдул Вахид Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышкан.  Аларды «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Аида Исмаилова кабыл алды.

Мындан тышкары, 13-январда болгон жолугушууда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов менен Тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев да катышкан.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы,  өкмөттүн «Кайрылман» программасы аркылуу памирлик кыргыздарды көчүрүп келсе болоорун, муну менен катар  Тышкы иштер министрлиги  Ооганстандын бийлиги менен сүйлөшүлөрдү жүргүзүш керек экендигин  айтты.

Ал эми, Памирлик кыргыздардын өтүнүчү парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде карала турган болду.

Эске салсак,  былтыр жыл аягында Алай районунун Сары-Могол айылына Памирден 11 үй-бүлө көчүп келип, айылдагы мектепке жайгаштырылган.

Ал эми, 2017-жылы Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканаларга жайгаштырылган. Жалпысы болуп, 11 түтүн Нарында жашайт.  Алардын турак жай маселелери чечиле элек. Былтыр 18и Ооганстанга кетип, бирөө кайра кайтып келген.

Кыргыз өкмөтү Памирден Кыргызстанга көчүп келген кыргыздарга турак жай салыш үчүн 2020-жылдын бюджетинен 17 миллион сом бөлгөнү кабарланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости