www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият тармагы боюнча маселелерди талкуулоо боюнча жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоордун презентациясы тааныштырылды.
Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар керектигин белгилеп, Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштады.
Долбоорго ылайык Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин ичи, сырты толук реконструкцияланат. Долбоор жалпы 12 бөлүктөн турат жана 3 этап менен ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.
Ошондой эле жыйында Алымбек датка курдурган Ак медресени калыбына келтирүү жана көрүстөндөрдү иретке келтирүү жумуштарын ишке ашыруу маселелери каралды.