www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр: Жеке унааларды пайдаланууга чектөө киргизилбейт

Бишкек шаарынын мэриясы жеке менчик автоунааларды пайдаланууга чектөө киргизилбей турганын кабарлады.

Муниципалитет президенттин “Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын долбоору боюнча түшүндүрмө берип, анда адамдарга менчик машинени пайдаланууга чектөө киргизүү же тыюу салуу боюнча ченемдер жок экенин билдирди.

Мэрия жарлыктын долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде шаардын транспорттук тутумунун иштешине байланыштуу учурдагы көйгөйлөр, тобокелдиктер гана жазылганын кошумчалады.

«Документтин негизги максаты – борбор калаанын заманбап, коопсуз жана натыйжалуу жол-транспорт системасын өнүктүрүү. Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын 2026–2030-жылдарга өнүктүрүүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу каралган. Бул план жол инфраструктурасын өркүндөтүүгө, коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жол кыймылын башкаруунун заманбап технологияларын киргизүүгө багытталган. Каралган иш-чараларды ишке ашыруу жол жүрүү убактысын кыскартууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп жазылат билдирүүдө.

29-июлда жарыяланган жарлыктын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде Бишкек башында 50 миң автоунаага гана эсептелгени, азыр шаарга башка аймактардан кирген машинелерди эсепке албаганда да Бишкектин өзүндө эле 400 миң унаа катталганы жазылган. Андан тышкары коомдук транспортту өнүктүрүү иштери жүрүп жатканы, күн сайын 1300 автобус жана электробус шаарда 800 миңге жакын жүргүнчүнү ташый турган камтылган.

Мэрия коомдук транспортко артыкчылык берип, шаардын тыгын көп болгон аймактарында акырындык менен жеке транспортту колдонууга чектөө киргизүү саясатын ишке ашыруу тууралуу да жазган. Бул коомчулукта сын-пикирди жаратты.

Последние новости