www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия Бишкекте жылуулук качан берилээрин айтты

Бишкек шаарынын тургундарына 5-октябрга караган түнү саат 12:00дөн кийин жылуулук бериле баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Мындай чечим борбор калаанын күз-кышка даярдык көрүү боюнча штабынын отурумунда кабыл алынган. Ага ылайык, мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү буйрук чыгарган.

“Объектилерге жылуулук жеткирүү бир нече күнгө созулат. Биринчи болуп мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана социалдык мекемелерге берилет. Экинчи кезекте турак жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер, жылуулукка карызы жок абоненттер, кышта иштөөгө шарттар түзүлгөнү тууралуу актысы бар объектилер кошулат”, — деп айтылат маалыматта.

Мэрия көп кабаттуу үйдө жашагандар жылуулук аспатарынын кранын ачып, ичине топтолуп калган абаны чыгарып салууга тийиш. Бул жылуулуктун тез жетишине шарт түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости