www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 14-20-октябрда өтөт, деп билдирет өзбек БШКсынын басма сөз кызматы.

Шайлоо күнү жашаган жеринде боло албаган шайлоочу мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн шайлоочу себебин көрсөтүп, арыз менен тиешелүү шайлоо түйүнүнө кайрылат. Толтурулган шайлоо бюллетени тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде чапталган конвертте сакталууга тийиш.

Өзбекстанда президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында өтөт. Шайлоого өлкөнүн беш партиясынан беш талапкер катышат: Өзбекстан элдик демократиялык партиясы Борбордук кеңештин төрагасынын орун басары Максуда Ворисованы, «Милли Тикланиш» ДП — Алишер Кадыровду, Өзбекстандын Экологиялык партиясы — партиянын борбордук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы Нарзулло Обломуродовду, «Адолат» партиясы Бахром Абдухалимовду, Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы азыркы президент Шавкат Мирзиёевди көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости