www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рысбек Акматбаевдин атасы менен энеси каза тапты

Бүгүн, 4-октябрда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда авто кырсык болуп, тийиштүү органдардын берген маалыматтарына караганда, Lexus RX-300 үлгүсүндөгү автоунаа бир нече жолу ала салып, анын ичиндеги эки адам тең жеринде каза болгону айтылат.

Алар коомчулукта кылмыш дүйнөсүндө таанымал болгон Рысбек Акматбаевдин 84 жаштагы атасы Абдымалик Акматбаев жана 81 жаштагы апасы Сабира Соодалиевалар экени дайын болду.

Эске сала кетсек Р.Акматбаев өмүрүнүн акырында саясатка катуу аралашып, 2005-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого катышып, депутаттык мандат утуп чыккан.

Бирок аны менен байланышкан сот уланып отуруп «эртең мандат алат» деген күнү Бишкек шаарындагы мечиттен чыгып келе жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости