www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спикер Дастан Жумабековдун аппаратын жетектеген Самат Ибраев деген адам бар. «Франкфурт-на-Майнеге» тили келбеген Жумабеков толгондон Ибраевди тандап алып, тили биротоло тантыгандай. Жумабеков эми да жөн жүрбөй Владимир Фролов деген орусиялык жаранды пайдаланып, банктарга кол салмакчы. 2010-жылдын 4-октябрында анын шылуундугун тастыктап, көптөгөн адам Ак үй алдына митингге чыккан.

Баса, Ибраевдин баласы Данияр тууралуу. 2020-жылдын сентябрынын башында шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш фирма өкүлдөрү кайрылып, Самат Ибраев ири суммадагы акча алгандыгын айткан. Милициянын маалыматына караганда, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматураларын алып келип берүүнү убада кылып, жети жабырлануучудан акча алган. Жалпы чыгымдын суммасы 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн. Бардык эпизоддор боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде ("Алдамчылык. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар") сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Самат Ибраев анын баарын баласына шылтоолоп койгон. 2019-жылдын 24-декабрында Данияр Ибраев алдамчылык боюнча жети фактынын негизинде шектелип жатканы сыртынан кабарланган. Сот аны камоо боюнча чечимди да сыртынан кабыл алган. 26-декабрда ошол эле тарап аны Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Данияр Ибраевди Болгария бийлиги София шаарында кармаганы кабарланган. Экстрадиция боюнча маселени чечүү үчүн материалдар кыргыз Башкы прокуратурасына берилген. Бирок эмгиче үн-сөз жок.

Уулу запкы жеп жаткан Самат Ибраев сунуштаган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана банкттар жөнүндө" мыйзам долбоору Кыргызстанда финансылык технологиялар же, кыскартып айтканда финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү карайт. Бул система мыйзамдаштырылса, фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат, жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот. Накта коррупцияга жол ачылат. Анткени алар банкты да уруп койбой өз алдынча канча эсептешет ким билет.

Бул мыйзамды коргоо боюнча жыйындарга орусиялык Владимир Фролов аттуу жаран да катышкан. Акыркы жолу парламенттин имаратында өткөн коомдук угууга ал видео аркылуу онлайн катышып, ойлорун айткан. Ибраевдин айтымында, Фролов тууралуу аларда толук маалымат бар. Карга карганын көзүн чукубагандай, аферист аферисттин көзүн чукубайт.

Ал Сингапурда бир нече жыл жашап, өзүнүн компаниясы бар экенин жана бир топ ийгилик жаратканы да айтылууда. Ошол сөздү айтып жатып Ибраев президентти да аралаштырып кеткен. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевдин жергиликтүү программалардын биринде сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

Берүү учурунда Ибраев өзү чакырган орусиялык эксперт Владимир Фролов президент Садыр Жапаров менен жолукканын айтты. Өз кезегинде президенттин маалымат катчысы депутатты президенттин атынан комментарий бербөөгө чакырды: «Биз айрым депутаттарды президенттин атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырабыз. Бул үчүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бар», - деди ал.

Депутат Мирлан Жээнчороев да “эл аралык шылуундарды пайдаланган саясий топ Улуттук банкка “кара пиар” жасап жатат», – деп чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев кесиптеши Мирлан Жээнчороевди соттошууга, болбосо жекеме-жеке чыгып эркекче сүйлөшүүгө чакырган. Анын аягы эмне менен бүттү? Натыйжада соттошууга да, мушташууга да барбаганы белгилүү болду.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости