www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) жарыялаган "Пандора таржымалы" аттуу материалда кыргызстандык бир аткаминердин офшордук компаниясы тууралуу маалымат бар. Бул тууралуу консорциумдун расмий сайтында жарыяланды.

ICIJ сайтында карта жайгаштырылып, ал документте кайсы өлкөдөн канча аткаминер бар экени көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы сапта Казакстан турат. Архивде казакстандык сегиз аткаминердин офшордук компаниясы жана кыймылсыз мүлкү көрсөтүлгөн. Ал эми Түркмөнстандан эки, Кыргызстан менен Тажикстандан бирден өкүл бар экени жазылган. Бирок алардын ким экени азырынча айтыла элек.

ICIJ өкүлү РИА Новостиге билдиргендей, консорциум жаңы ысымдар менен документтерди жакынкы күндөрү жарыялайт.

"Биз документтерди жарыялоону улантуу ниетиндебиз. Муну кийинки күндөрдө, айларда, ал тургай жылдарда да жасайбыз", — деген ал.

3-октябрда ICIJ журналисттери офшордук схемага дүйнөлүк лидерлердин катыштыгы болушу мүмкүн деген ири иликтөөсүн жарыялады. Маалыматка караганда, 11,9 миллион файлдан турган 14 офшордук компаниянын документтери тарыхта биринчи ирет сыртка чыгып кеткен. Анда реалдуу пайда табуучулар (акчанын ээси болгон жеке же юридикалык жак) дагы көрсөтүлгөнү айтылды. 

117 мамлекеттин 600дөн ашык журналисти бул документтер менен эки жыл иштеген. Алар "Pandora таржымалындагы" маалыматтарды соттук документтер, ишенимдүү маалымат булактар жана башка багыттар аркылуу тастыктоого аракет кылган.

Журналисттик иликтөөдө дүйнөнүн азыркы жана мурдагы 35 лидеринин жана 100 өлкөнүн 400 аткаминеринин аты аталган.

2016-жылы консорциум Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын "Панама документтерин" коомго алып чыккан. Компания кагаздарды тааныбай турганын айтып, журналисттердин бул кадамын "кылмыш" деп баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости