www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын түндүк-чыгышындагы Ляонин провинциясынын бийлиги тынымсыз жааган жамгырдан жана селден улам 4 миң 400дөн ашуун жергиликтүү тургунду коопсуз жерлерге көчүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда, Синьхуа маалымат агенттиги жазат.
Өткөн ишембиден бери жамгыр жана күн күркүрөө провинция боюнча уланып, катуу шамал менен коштолуп, кээ бир райондордо мөндүр жаады. Дүйшөмбү күнү саат 06.30га карата провинциядагы 13 чакан суу сактагычтагы суунун деңгээли критикалык деңгээлден ашып кеткени белгиленди.
Тургундардын көбү Шэньян, Далянь, Аньшань, Бенси, Ляоян шаарларына эвакуацияланды. Азырынча каза болгондор жана жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.
Булак: NazarNews.kg