www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочуларын жол эрежелерин сактоого кандай жол менен үндөп жатышканын айтып берди.

"Былтыркы жылдан тарта коомдук транспорттун айдоочуларынын айлыгы көбөйгөн, муну менен катар эле алардын ишине баа берүү системасы киргизилген. Февралда автобустун мыкты айдоочусу 98 миң сом, ал эми начары 22 миң сом маяна алды. Башында экөөнө тең жаңы автобус, эл көп маршруттар берилген", — деди Сазыкулов.

Жакшы айлык чыгышы үчүн айдоочу графикти сактап, эрежелерди бузбай, рулда баратканда телефон менен сүйлөшпөшү жана тамеки тартпашы керек.

"Талаптар менен эрежелерди бузгандар айыпка жыгылып, айлыгынан кесилет. Мисалы, 22 миң сом маяна алган айдоочу график менен жүргөн эмес, GPS системасын өчүрүп салган, белгиленгенден да катуу айдаган, башка кемчиликтери болгон", — деди вице-мэр.

Сазыкулов айдоочулардын айлыгы 26 миң сом экенин, коопсуздук талаптары менен тартипти сактаса сый акы сымал бонустар кошуларын түшүндүрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости