www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия: Бишкектин айрым көчөлөрү кайрадан оңдолот

Шаардын айрым жерлеринде жолду оңдоп түзөө, тротуар салуу иштери кайрадан жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы мезгилде Бишкек шаарынын кээ бир көчөлүрүнүн абалы боюнча кайрылуулардын саны көбөйгөнүнөн улам, 2023-жылдын ноябрында мэр Айбек Жунушалиев оңдоо иштеринин сапаты менен таанышуу тапшырмасын берген.

Анын жыйынтыгында, 14 подрядчылардын ичинен 12сине 36 эскертүү берилген. Аларга жасалган жолдогу кемчиликтер жоюлбаса, кара тизмеге киргизилери эскертилген. Жол оңдоо иштерин көзөмөлдөгөн адистер ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Маалыматта кайра оңдоо иштери подрядчылардын эсебинен жасалары айтылды.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы чуңкурларды бүтөө иштери үчүн жерине барып текшерип, тизме түзүүдө. Ал жерлерди оңдоо иштери 5-марттан тарта башталат. Бул жылы ишкана ата мекендик өндүрүмдөгү суук асфальт менен жолдордогу жаракаларды жамоо жана жолдун бетин түздөөдө куюу ыкмасын сынап көрүүнү  пландоодо.

Учурда «Бишкекасфальтсервис» жолдордогу жол кырсыгын жана тыгынды алдын алуу максатында иш аракеттерди көрүп жатканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости