www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Калифорния штатында бир ай мурун башталган табигый ысык жана табигый өрттөр уланууда. Аймактын борбордук бөлүгүндө жашоочуларга эвакуациялык эскертүү берилди. Штат боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жалпысынан 100,000 адам эвакуацияга алынды.
"Биз мындай өрттөрдү көп жылдан бери көрбөй калганбыз. Элестетип көрсөңүз, штат боюнча 367 жаңы өрт пайда болду. Биз колдо болгон бардык ресурстарды элибиздин коопсуздугу үчүн мобилизациялап колдонуп жатабыз», - деди Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюс.
Өрттү өчүрүү дагы жоготууларсыз болбой туарат. Кечээ бийиктиктен өрттү өчүрүүчүтик учак күйүп кеткен. Учкуч көз жумган. Аномалдуу ысыктын кесепетинен Калифорниядагы электр линиялары дээрлик иштебей калган. Жол кырсыктары көбөйүп, көптөгөн подстанцияларда электр жарыгы өчүп турат.
Штатта өрт сезону адатта ноябрда аяктайт. Социалдык медианын колдонуучулары Калифорнияны Марс кызыл планетасына салыштырып жатышат.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg