www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мьянманын борбору Нейпьидо шаарында эки баштуу сиам эгиздер төрөлдү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалымат боюнча, аталган өлкөнүн Маалымат жана коомчулук менен байланыш министрлиги эки сүрөт жарыялаган. Анда жаңы төрөлгөн ымыркай ийиндүү, далылуу келип, ошол эле маалда эки баштуу экенин көрүүгө болот. Мындай эгиздерди 29 жаштагы келин жарыкка алып келген.

Белгилей кетсек, ушул сыяктуу дүйнөдөгү эң белгилүү эки баштуу эгиз кыздар — 30 жаштагы америкалык Абигайль жана Бриттани Хэнселдер. Алардын денеси бир, баштары башка. Бирок эки өпкөсү, эки жүрөгү, эки омурткасы, үч бөйрөгү, бир боору бар. Мьянмада төрөлгөн ымыркай сыяктуу эле эки колу, эки буту менен басып жүрүшөт. Эгиз кыздар бири-биринен мүнөзү менен айырмаланып турат. Алар жогорку окуу жайдан билим алып, учурда орто мектепте мугалим болуп иштешет.

Эки баштуу балдар жада калса сиам эгиздеринин арасында өтө сейрек кездешет. 200-500 миң учурдун ичинен бирөө төрөлүшү мүмкүн. Ушул күнгө чейин мындай эгиздер Мьянмадагыны кошкондо болгону бешөө.

"The newborn is in good health, except for the extra head."

Опубликовано The Myanmar Times Четверг, 17 сентября 2020 г.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости