www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина менен Улуу Британия Орусиянын аскерлерин каралоо үчүн Сумская облусунда чагым даярдап жатышат. Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын Коргонуу башкармалыгы улуттук борборунун жетекчиси Михаил Мизинцевдин айтымына таянып кабарлады.
"РФтин Куралдуу күчтөрүн Украинанын калкына аёосуз мамиле жасап жатат деп каралоо үчүн Сумская облусунда жаңы чагымчылык даярдалууда. Аны Улуу Британиянын атайын кызматтарынын жетекчилиги менен Киев режими жасап жатат", — деген генерал-полковник.
Анын айтымында, буга чейин Орусия аскерлеринин көзөмөлүндө турган Середина-Буда шаарына Украина өкүлдөрү жана жасалма сюжет тартуу үчүн Батыш ЖМКлары чакыртылган. Провокацияны жергиликтүү калк менен чыныгы күбөлөр билип калбаш үчүн шаарга комменданттык саат киргизилген.
"Үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө сөөктөрдү ташып жатышат. Алар Орусия армиясынын кезектеги курмандыктары катары көрсөтүлөт. Британия "режиссёрлорунун" сценарийи боюнча, сыягы Орусиянын аскерлери кетип жатып жай тургундардын баарын өлтүргөн", — деген Мизинцев.
Ал Европадагы экономикалык кризистин фонунда Батыштын ЖМКлары жакын арада бул фейкти тарата баштаарын кошумчалады.
"Орусиянын аскерлери бул калк жашаган аймактан үч жума мурда, 20-мартта, чыгып кеткен", — деген генерал-полковник.
Мизинцев элге психологиялык-маалыматтык таасир калтыруу үчүн Украинанын аймагында учурда эл аралык адистердин бүтүндөй бир түйүнү иштеп жатканын белгилеген. Алар ыплас, жасалма сценарийлерди ойлоп таап, аны ишке ашыруу менен алек.
Буга чейин Мизинцев улутчулдук топтогу согушкерлер Авдеевка шаарында жашаган тургундарды уулуу химиялык зат менен жапырт ууландырып, адамдык касиетке сыйгыс чагымчылык уюштурууга толугу менен даярданышканын айткан.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg