www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дарыланып жаткан Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге 17 диагноз коюлганын анын бир тууганы Георгий Саакашвили билдирди. Анын айтымында, саясатчы 11 кг арыктаган, деп билдирет РИА Новости.
Грузиянын экс-президенти Тбилисидеги жеке менчик "Вивамед" клиникасында. Ага бир күн мурун, 11-августта агасы барган, андан кийин ал журналисттерге маек курган. Анын айтымында, акыркы үч күндө эле Михаил Саакашвилиге дагы үч диагноз коюлган. Алар кайсылар экенин так айткан жок.
«Аны сактап калуунун бирден бир жолу – аны чет өлкөгө которуу. Ал абдан алсыз, чындыгында тамак ичпейт жана сүйлөшүү учурунда клиникага кирген күндөн бери 11 кг арыктаганын белгиледи», - деди ал.
Михаил Саакашвили Грузияда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн үч жана алты жылга эркинен ажыратылган. Дагы бир нече кылмыш иштери соттук териштирүүдө. Саясатчы абакта отурганда бир нече жолу ачкачылык жарыялап, абалы оор болгон. Июлдун аягында ал ден соолугуна убакыт бөлүү үчүн саясаттан кетүүгө даяр экенин билдирген.
55 жаштагы Саакашвили 2004-2013-жылдары эки мөөнөт катары менен Грузиянын президенти болгон.
Булак: NazarNews.kg