www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карапайым калкты медициналык камсыздандыруу полисин милдеттүү түрдө алууга байланышкан дагы бир түйшөлткөн мыйзам долбоору көптөгөн суроолорду жаратууда. 

Эгер мыйзамга президент кол койсо, Кыргызстандын бардык жарандары жана чет өлкөлүктөр милдеттүү медициналык камсыздандырууну сатып алышы керек болот. 

Ошол эле учурда, кокус Милдеттүү медициналык камсыздандыруусу жок болгон жарандар медициналык кароодон, текшерүүдөн өтө албай, керектүү медициналык жардам алалбай калышы мүмкүндүгү, жана аларга айып пул салуу коркунучу бардыгы талкууланып жатат. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай сөздөр чындыкка жатпастыгын айтып ишендирүүдө.

Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева төмөндөгүлөргө токтолду: 

"Биз бул үчүн эч кандай жазаларды караштырбайбыз. Биз жарандардын аң-сезимине таянып, аларга кайрылууга аракет кылып жатабыз. Азырынча адам милдеттүү медициналык камсыздандырууга акча төлөгүсү келбесе, биз аны медициналык тейлөөсүз калтырбайбыз. Ар бир Кыргыз Республикасынын жараны камсыздандырылганына же жок экендигине карабастан, акысыз тез жардам кызматын ала алат. Ал үй-бүлөлүк дарыгерге дайындалат, жана мамлекет 11 негизги анализди кепилдейт. Бирок андан кийин алардын кызмат көрсөтүүсү үчүн акы төлөөгө туура келет, коомдук коркунучтуу ооруларды дарылоону кошпогондо...", - деп билдирди.

Ырасында, министрлик чын айтып жатабы, же мыйзамга кол коюлганга чейин элди жооткотуп жатабы айтуу кыйын...

Булак: NazarNews.kg​​​​​​​

Последние новости