www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция беш күндөн бери изделип жаткан эки кызды тапты

Чүй облусунда беш күндөн бери изделип жаткан 15 жаштардагы Айсезим Замирбек кызы менен Зыйнат Иманказы кызы табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздар Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энелеринин колуна тапшырылды.

Буга чейин курбу кыздар ушул жылдын 14-ноябрь күнү Военно-Антоновка айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайта электиги айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости